Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


иньцзян курамасы катары менен бешинчи жеңишин алды

16-02-2017, 23:30
Үстүбүздөгү жылдын 12-февраль күнү СВАнын 35- раундунда 17- Синьцзяндын "Каши Гучэн" командасы Циндао командасы менен ойногон. Ойундун аягында Синьцзян командасы Циндаону 110:102 эсебмнде уткан.

Синьцзян экономикасы 2016-жылы 7,6% өскөн

16-02-2017, 22:57
Синьцзян Уйгур автономиялык районунун эконмикасы 2016 - жылы, 2015-жылга салыштырмалуу 7,6% га өскөн, бул улуттук өсүшкө караганда, 0,9 пайыздык пунктка жогору жана жергиликтүү статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча келип чыккан.

Синьцзян 2017-жылы 100млн туристи кабыл алат

4-02-2017, 21:51
Синьцзян - Уйгур автономиялык району үстүбүздөгү жылы турис санын 100 млн го көбөйттү.

Шиңжаңдагы чабуул кеминде 18 адамдын өмүрүн алды

24-06-2015, 18:22
Кытайдын батышындагы Шиңжаң уйгур автоном облусунда бир канча этникалык уйгурдун полициянын өткөрмө бекетине чабуул жасашынан кеминде 18 адам каза тапканын бүгүн жарыялады. Чабуул эки күн мурда, 22-июнда Кытайда соңку жылдары азчылык эсептелген уйгурлар менен хан кытайларынын ортосундагы абал чиеленишип кеткен Кашкар калаасында болгон.

Жергиликтүү полициядагы булактын айтышынча, бычак жана жардыргыч заттар менен куралданган шектүү адамдар бир канча полиция кызматкерине кол салган. Мындан соң полиция "террорчу" деген шек менен 15 кишинин көзүн тазалаган. Маалыматта каза болгондордун саны 18ден 28ге чейин болушу мүмкүндүгү, арасында жолдон өтүп бараткан жайкын тургундар да болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Кан бул маалыматты азырынча тастыктай албашын айтты.

Кытайда 20 миллионго жакын мусулман бар, алардын бир бөлүгүн этникалык уйгурлар түзөт.

Валерий Диль "кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгынын келечеги транспорт жана өндүрүш тармагында" дейт

22-06-2015, 18:26
Кыргыз мамлекети Кытай менен соода кызматташтыгын мындан да кеңейтүүгө кызыкдар. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) Коммунисттик партиянын партиялык комитетинин катчысы Чжан Чуньсян менен жолугушууда билдирди.
"СУАРга кыргыз-кытай соода айлантуусунун 80 пайызы туура келет. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечектүү багыты: транспорт, логистикалык борборлорду куруу, өндүрүш товарларын чыгаруу тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу",- деди Диль.
Кытай мамлекетинин өкүлү Хоргос жана Кашкар шаарларында экономикалык аймактардын түзүлүшү биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Синьцзянды кумдуу бороон каптады

11-06-2015, 19:45
Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономдук округунда кумдуу бороон катталды. Бул тууралуу CA-NEWS агенттиги «Жэньминь Жибао» гезитине шилтеме берип маалымдайт.

Хотан аймагында тургундар быйлыкы жылдагы эң катуу кумдуу бороонго кабылышты. Жергиликтүү метеорологиялык борбор кызыл коркунуч белгисин жарыялаган. Шамалдын эң катуу ылдамдыгы 6-7 баллга жетти.

Саат 21:00 чамасында Хотанда 10 метрден алыскы аралыкты көрүүгө мүмкүн болгон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өтүшүп, көптөгөн рейстер жылдырылды.

Сирияга Кытайдан 80 жаштагы жихадчы неберелери менен келди

5-06-2015, 19:18
Сирияга Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунан 80 жаштагы жихадчы «Ислам мамлекети» үчүн күрөшүү максатында келди.

The Daily Mail маалымдагандай, Мухаммед Амин өзү менен кошо 4 небересин, кызы жана аялын кошо ала келген.

Аминдин айтымында, ал уулу Сирияда көз жумгандан кийин жихадга чыккан. «Кытайлар мени Түркстанда 60 жыл бою куугунтукташкан», - дейт ал. Болжолдуу маалыматтар боюнча Амин өзү уйгур.

Жашы өткөн согушчан машыктыруучу лагерден татыктуу даярдык көрүп, курал алгандыгын айтат. Бирок ага карабастан аны алдыңкы сапка чыгарышкан эмес жана учурда ал базада.

Кытай Эл Республикасынын түндүк-батышында жайгашкан Синьцзянда негизинен уйгурлар басымдуулук кылат. Бул топтун өкүлдөрүнөн турган экстремисстик топтор аймактын көз карандысыздыгын талап кылышууда.

«Ислам мамлекети» 2014-жылы жайында Сирия жана Ирактын айрым аймактарын өз көзөмөлдөрүнө алышкан. 2014-жылдын август айынан тарта АКШ согушчандарга каршы сокку уруп келет. Сентябрь айында «Ислам мамлекети» тобу менен күрөшүү максатында бомбалоого катышкан эл аралык коалиция түзүлгөн.

Шинжан-Уйгур автономдуу облусу кыргыз мамлекетинен кайрак жана бош жаткан 100 миң гектар жерди иштетүү үчүн суроодо

5-06-2015, 19:12
4-июнда айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиев Шинжан-Уйгур автономдуу облусунун Тышкы соода-экономикалык корпорациясынын Ян Ли мырза баштаган өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кытайлык компаниянын өкүлдөрү "кыргыз мамлекетинде бош жаткан кайрак жана керексиз жерлерди алып, өздөштүрөбүз" деген сунушун айтып, ал үчүн 100 миң гектар аянт сурады. Алар Шинжан-Уйгур автономдуу облусуна тоют жетпей жатканын билдиришти. "Биз ал жерге беде айдап, тоют жыйнамакпыз. Муну менен жердин сапатын жакшыртабыз, экинчиден, өзүбүз жаңы техникаларды алып келебиз",- деди корпорация жетекчиси Ян Ли.
Министр Таалайбек Айдаралиев республикада жерлердин 80 пайызы жеке адамдарга бөлүнүп берилгенин, мамлекеттин фондунда болгону 20 пайызга жетпеген жер бар экенин айтты. Мындан улам министр "жер иштетүү үчүн жергиликтүү эл менен келишим түзүп, биргелешкен ишканаларды ачып иштесе болот" деп кеңеш берди. "Бизде керексиз жерлер жок, андай болушу да мүмкүн эмес. Анын үстүнө бир эле аймактан 100 миң гектар аянт чыкпайт. Нарын, Талас, Ысык-Көлдөн 30 миң гектар жер аянттары чыгышы мүмкүн. Сиздер ошол жерлерди барып көрүңүздөр",- деди Айдаралиев. Тараптардын пикиринде, эгер бул сунуш ишке ашса, киреше тең бөлүнүшү керек.
Ошондой эле министр кыргыз мамлекетинде инвестициялык климат өтө жагымдуу экенин, айыл чарба тармагына инвестиция салып иштегендер ар кандай салыктардан бошотулганын белгиледи.

Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

28-04-2015, 18:50
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кароол-Дөбө айылынан 95 чакырым түштүк-чыгышта жана Ат-Башы районунун борборунан 155 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Синьцзян жана Үрүмчүдө катуу шамал менен кардын кесепетинен 50 миңдей адам зыян тартып, 1 адам көз жумду

3-04-2015, 17:46
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда катуу шамал жана кардын жаашынан 50 миңге жакын адам зыян тартып, 1 адам көз жумду, деп билдирет Синьхуа.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдагандай, кечээ, 2-апрелде саат 12.00гө карата Синьцзян 16 округу жана шаарларынын 48 миң тургуну, ошондой эле Үрүмчү административдик борбору жаратылыш кырсыгынан жабыркады.

Натыйжада 1 адам каза болуп, 266 адам эвакуацияланды. Аны менен катар, 35,6 тыс га айдоо аянты зыян тартып, 127 турак-үй урап түштү.

Келтирилген экономиялык зыяндын көлөмү 109 млн юань ($17,59 млн) деп өлчөнүүдө.

Учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык иш-аракеттер активдештирилүүдө.

Муздак атмосфералык масса себеп болгон жагымсыз аба ырайы Синьцзяндын түндүк бөлүгүндө 30-март күнү орун алды. Алтай районунда жана Үрүмчү шаарында 11 см кем эмес кар жаады. Шамалдын эң катуу ылдамдыгы айрым аймактарда 12 баллга жетти.

Узун сакалынын айынан 6 жылга абакка камалды

31-03-2015, 18:59
Кытай соту узун сакал койгон уйгурду 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу lenta.ru булагы кабарлоодо.

Маалыматка ылайык сот анын аялын коомдук жайда узун кементай кийип жүргөндүгү үчүн эки жылга эркинен ажыратты. Эки жупту "душмандык жаратууда" деген айып тагылган. Акыркы учурларда Кытайда соттук териштирүүлөрдө мына ушундай айыптар көп колдонулууда.

Кытайдын Сынзян Уйгур автоном районундагы Кашгар шаарында уйгур тектүү 38 жашындагы жараны 2010-жылдан бери сакал коюп келген. Сынзян Уйгур автоном районунда терроризм менен күрөшүү алкагында коомдук жайларда сакал өстүрүп жүрүү жана аялдардын паранжа сыяктуу кементайларды жамынып жүрүүсүнө тыюу салынган мыйзам чыгарылган. Бул мыйзам долбоору кесепетинен Кытайдагы сакал өстүргөн мусулмандарга жаза берүү уланууда.

Үрүмчүдө Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноо уюштурулду

4-03-2015, 18:29
Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинде КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноону жүзөгө ашыруу максатында Үрүмчү шаарына жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, аталган иш-чара КРнын ТИМинин Үрүмчү шаарындагы виза пунктунун кызматкерлеринин колдоосу менен ишке ашырылат.
Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматын жыйноо 2015-жылы 2-6-мартта КР ТИМинин Үрүмчү шаарындагы виза пунктунун базасы, Hetanbeilu 58 дарегинде 09:00 дон 20:00го чейин жүргүзүлөт.
Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында КРнын жарандары консулдук маселелер, КЭРнын аймагына кирүү эрежелери тууралуу консультация алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Үрүмчүдө кыз-келиндерге паранжы кийүүгө расмий түрдө тыюу салынды

14-01-2015, 19:12
Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун борбору Үрүмчүдө кыз-келиндерге паранжы кийүүгө расмий түрдө тыюу салынды. Мындай чечим элдик өкүлдөрдүн туруктуу комитети тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, мындан ары жергиликтүү кыз-келиндер коомдук жайларга паранжы кийип чыга алышпайт.

Маалыматка ылайык, Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун калкы 21 миллиондон ашуун. Калктын басымдуу бөлүгүн уйгур жана кытай улутундагы жарандар түзөт.

Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, 2014-жылдын август айында өкмөт тарабынан Синьцзяндын түндүк-батышындагы Карамай шаарында узун сакалчан жана мусулман кийимдерин кийген жарандарга коомдук унааларга отурууга тыюу салган. Мындай чечим Синьцзяндагы бир нече жолу катталып, 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кол салуулардан кийин кабыл алынганы айтылууда. Бул кылмыштарга жүздөгөн уйгур улутундагылар шектүү катары кармалган. Алардын айрымдары камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылганы айтылат маалыматта.

Шинжаңда бир нече жардыруу болду

23-09-2014, 11:23
Кытайдын Шинжаң Уйгур автономиялуу облусунда бир нече жардыруудан кеминде 2 киши набыт кетти, бир топ киши жараланды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты. Жардыруулар жекшембиде Үрүмчүдөн 360 километрдей алыстагы Люнтай районунун 3 башка жеринде болгон. Шинжаңда акыркы кездери жергиликтүү уйгурлардын козголоңу күчөп жатат.

Юньнан жер титирөөдөн жабыркаган жашоочуларга Синьцзяндык бизнесмен 5 тонна “ма жэнь тан” жөнөттү.

8-08-2014, 11:56
Юньнан жер титирөөдөн жабыркаган жашоочуларга Синьцзяндык бизнесмен 5 тонна “ма жэнь тан” (Синьцзяндын этникалык закускасы) жөнөттү.

Кытайда узун сакалчандарга автобуска түшүүгө тыюу салынды

6-08-2014, 20:33
Кытайдын батышындагы Шинжаң Уйгур автоном районунда сакалчандарга жана узун мусулман кийимин кийгендерге автобустарга түшүүгө тыюу салынды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей Карамай шаарынын бийликтери коомдук транспортко түшүүгө тыюу салынган жүргүнчүлөрдүн беш түрүн белгиледи. Алар: чадра, жилбаба деп аталган адамдын көзүнөн бери жапкан мусулман кийимдерин кийгендер, жоолук салынгандар, жарым ай жана жылдыздын сүрөтү бар кийим кийгендер жана узун сакал өстүргөндөр.

Шинжаң аймагынын калкынын басымдуу бөлүгүн ислам динин туткан уйгурлар түзөт. Бул кадамдар алардын нааразылыгын жаратты.

Кытай бийлиги аймактагы экстремизм жана терроризм менен күрөшүү максатында ар кандай катуу чараларды колдонуп келет.

Өткөн жумада Шинжаңдагы террористтердин чабуулунан 100дөн ашык киши көз жумган.

Уйгурлар конгресси Шиңжаңдагы окуяга тынчсыздануусун билдирди

30-07-2014, 18:58
Кытай өкмөтү “террордук кол салуу” деп атаган кагылышта мерт кеткендердин көпчүлүгү жайкын тургундар экени айтылып жатат.

Окуя 29-июль күнү эртең менен Кашкардын Саче округунда болгон. Мамлекеттик агенттиктер полиция бекетине жана өкмөттүк кеңселерге бычак менен куралдангандар кол салганын жазган. Ошол эле учурда уйгурлардын Мүнхенде жайгашкан дүйнөлүк конгресси демонстранттар менен полиция кагылышканын, андан 20 уйгур жана 13 тартип сакчысы каза тапканын маалымдады. 10 адам жараат алып, 67си камалды. Конгресстин билдирүүсүнө ылайык, уйгур тектүү жарандар бийликтин аларды кысымга алуусуна каршы нааразылыкка чыккан болчу.

Бир топ жылдан бери Шиңжаң уйгур автономиялык районунда мусулмандар дискриминацияга каршы акцияларга чыгып, эгемендүү Чыгыш Түркстан мамлекетин түптөгөнгө аракет кылышат. Кытай бийлиги муну жикчилердин террордук кадамы катары баалап келет.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить