Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Кытайлык жана Америкалык актёр, продюсер Жеки Чан 60 жашка чыкты.

7-04-2014, 20:23
Мындан 60 жыл мурун кытайлык жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан 7-апрелде жарык дүйнөгө келген. Аны апасы 12 ай көтөрүп, операция жолу менен төрөгөн. Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген маанини берет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришет. Кийин өзү тасма тарта баштайт. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган.

Пекинде кытай чек ара музейи ачылды.

5-04-2014, 14:04
30 мартта Пекинде кытай чек ара музей официалдуу турдо ачылды. Кытай чек ара музейи Чаньаньцзе проспектисинде жайгашып, 8500кв.мертди тузду. Бул иш-чарага 18 мин экспонаттар чыкырылып, тарыхта 3000 жыл кытай чек арасында отогондорду корсотушот.

Москвада кытай маданият борборунда чайдын коргозмосу отуудо.

5-04-2014, 13:50
27 мартта Москванын Кытай маданият борборунда «достор менен чай ичуу» аталыштагы жарманке ачылды. Ачылыш аземге моквадагы кытай маданий борборунун директору Хуан Айпин жана Чжан Жони катышты. Оз созундо кытай чайдын мекени, мин деген жылдан бери чайды ичип, кенири жайылып келе жатат.Чай калыбына келтируучу жана даарылык эффектиси бар. Жарманкеге чакырылгандарга кытай чайлары таркатылып, Бронислав Виногрод да чайдын маданияттына даярдаган лекциясын окуду. Бул жарманке 11 апрелге чейин уланат.

Тарых музейинде Шэньси провинциясынын элдик искусствосун чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтөт

4-04-2014, 14:10
Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде 10-30-апрелге чейин Тан династиясынын Сиань музейи менен биргеликте Шэньси провинциясынын элдик искусствосун, салт-санаасын чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөгө “Бакчадагы жолугушуу”, “Жашыл жыланга аңга чыгуу”, “Генерал Гуань Юй жүрүштүк чатырда”, “Алачыкка үч жолу барганда”, “Буддага таазим кылуу” оюндары жана булгаарыдан жасалган куурчактар, картиналар тартууланат.

Көлөкө театры - Кытайдан чыккан драмалык искусствосунун бир түрү. Легендада айтылгандай, Хань батыш династиясынын императору Уди сүйгөнү Леди Линин оорудан каза тапканына капа болуп жүрөт. Император аны ушунчалык сагынгандыктан, бийлик жүргүзүү каалоосун жоготот. Бир күнү министрлердин бири балдардын куурчак менен чоң көлөкө түшүрүп ойноп жатышканын көрөт. Мындан таасирлеген министр императорду санаадан арылтууга жардам берүү максатында анын каза болгон сүйгөнүнө окшоштуруп кагаздан куурчак жасайт. Түн киргенде императорду аны көргөнгө чакырат. Император аны көрүп аябай кубанат. Мына ошондон тарта Кытайдын Көлөкө театрынын тарыхы башталган.

Дүйшеевдин "Агындылары" Кытайда которулат

4-04-2014, 13:53
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин жаңы чыккан "Агындылар" китеби Кытайдын Синцзян-Уйгур автоном районундагы жеке басмаканада уйгур тилинде басылып чыгат. Бүгүн аталган басмакананын расмий өкүлдөрү Шайлообек Дүйшеевдин өзү менен жолугуп, макулдугун алып кетти. Кийинчерээк китеп кытай тилине да которулмакчы. Ушул эле басмакана Чыңгыз Айтматовдун жана Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын которуп чыгарган.

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев III даражадагы "Манас” орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты.

«Евгений Онегин» Пекинде.

27-03-2014, 19:42
Пекиндеги улуттук аткаруучулар искусство борборунун сахнасында классикалык поэма, таанымалдуу опера, белгилүү баатыр, жаш аткаруучулар, күчтүү үндүү, кооз декорация, кайталангыс стил жана кызыктуу оюн, белгилүү опер Петр Чайковдун жаныланган версиясын Евгений Онегин Марин театрында алып чыкты. Жаш профессионалдуу артистер Орусия жана Кытай мамлекеттеринин артистери көрүүчүлөргө
19 кылымдын убагын тартуулашты.

Мишел Обама кыздары менен Кытайда болду

26-03-2014, 19:41
АКШнын биринчи айымы Мишел Обама Кытайдагы бир апталык сапарын аяктады. Апасы жана кыздары менен жүргөн Обама Сычуанда пандаларга алма берип, Чэнду шаарындагы тибеттик ресторанда топоздун этинен жасалган тамак-аштан татыды. Ак Үйдүн маалыматына ылайык, биринчи айым ал ресторанды “Кытайдагы азчылыктардын укуктарына кызыккандыгы” үчүн тандап алган.

Укук коргоочу активисттер Тибет жашоочулары Кытайдын диний жана маданий кысымына туш болуп жатканын айтып келет. Обаманын сапары саясый максат көздөбөгөнү менен Чэндудагы университетте сүйлөгөн сөзүндө ал этникалык теңдик жана диний эркиндик маселесин козгой кетти.

Тайбей музейинде Гугун эс алуу күндөрү билет баасын көтөрүүдө.

25-03-2014, 20:03
1 июлдан тарта тайбей Гугун музейинин билети 56-150 пайызга кымбаттайт. Бул туурасында 17 мартта музейдин директору Фэн Минчжу билдирди.
Баа кадимки билетке Гугун 160 жаны тайван долларында 250, группалык билет 100- 230долларга көтөрүлөт. Тайвандыктарга билет 150 жаны тайвандык долларга салыштырмалуу 10 го арзан. Буга байланыштуу жума жана ишемби күндөрү саат 18:30 дан баардык тайвандык жашоочулар музейге акысыз кирүүго болот. Ар бир жергиликтүү жашоочуларга жеке күбөлүк көрсөтүү катарында киргизилет. Тайбей Гугун музейинин кымбатташын чыгаша көп болуп, товардын жогорулатып кетүүсүндө.

Сюньбада жазгы бакча башында-айымдардын чач жасалгасы.

23-03-2014, 18:01
Сюньбалык айымдар, Хуейань жана Мэйчжоу Фуцзянь провинциянын алдынкы балыкчылары. Алар өзүлөрүнүн эмгекти сүйгөн кайрымдуулугу менен таанымал, андан дагы адамдарды өзгөчөлгөн чач жасалгасы уникалдуу элдик костюмдары менен коомдун көнүлүн бурдурушат.

Кытайлык Төлөнтур Ыбырай кыргыз тилиндеги дептерлердин топтомун сатыкка чыгарды

22-03-2014, 14:25
Кытайда жашаган кыргыз жигиттери ишкерлик менен катар улут үчүн жан үрөп маанилүү иштерди аркалап келе жатышат.
Алардын арасында Төлөнтур Ыбырай уулу деген уулубуз кыргыз окуучулары үчүн араб алфавитиндеги кыргыз жазуусу жана ханзу (кытай) жазууларын жазганга кыргызча мукабалуу, баракчалары да кыргызча жасалгаланган «Каганат» аталышындагы кыргыз дептерлерин жасап сатыкка чыгарыптыр.

Шаншайда «Сталин: тагдыр жана стратегия» китебинин кытайча котормосу жарыкка чыкты.

21-03-2014, 16:54
Мурунку Советтер союзунун кол башчысы И.В Сталиндин каза болгонунун 61 жылдыгына карата «Шанхай Жэньминь чубаньше» Шанхай басылмасы тарабынан «Сталин тагдыр жана стратегия» орус тилинен кытай тилине которулган китеби жарыкка чыкты. Белгилүү болгондой, 2007 жылы Россияда «Сталин: тагдыры жана стратегия» орусиянын жазуучусу Святослав Рыбас жана кызы Екетерина Рыбас тарабынан жазылган. Бул китепте СССР кулагандан кийин архивде жарыкка чыкпаган көп сандаган документтер түшүрүлдү.

Пекиндик түгөйлөр Антарктикада баш кошуп, интернет аркылуу көп мамлекеттин жетекчилеринен куттуктоо алышты.

18-03-2014, 20:34
Өткөн жылы 5-июлда Чжан Синьюй жана Лян Хун достору менен Шанхайдан жел кайык аркылуу сузуп чыгышкан. Алар жел кайыктын татаал жолун тандап алышып, тундук менен туштуктун жарым шаарын аралап, Берлин дарыясын сүзүп, 231 күн жана 35 мин километрде суу үстүндө күн өткөрүп, Антарктикага жетишкен. Жолдон түндүк тынч океан Берлинг дарыясынын жамгыр муз суугуна жаштар чыдашкан. Кытайлыктар жаш түгөйлөрдүн унун радиодон укканда көпчүлүгү көзүнө жаш алышкан. Германия Польша, Швеция, жана Ганы мамлекетинин саясатчылары жаш түгөйлөрдү куттуктаган.
 

Джеки Чан Кореянын «JJCC» музыкалык тобунун жетекчиси болду.

15-03-2014, 18:04
Белгилүү гонкондук актер, супер жылдыз жана чебер уруш мастери Джеки Чан Түштүк кореянын «JJCC» поп-тобунун менеджери болду. Үстүбүздөгү жылдын 24-мартта Түштүк Кореяда дебют топтун албомунун бет ачыры болот.
Джеки Чан келечектеги ырчы музыканттарды угууга жана тандоого катышкан. Менеджердин планы «Jackie Chan Group South Korea» тобун атын кенейтип, жана чогуу иштеген кесиптештери менен тасмага тартат. Джеки Чан дуйнолук музыкага жаны гана аралашкан жок, ал 1980-жылдары тартылган бир нече кинолордогу ырларды озу аткарган. Кореялык поп-музыка азыркы учурда дүйнөгө белгилүү. «JJCC» топтун курамында 5 жаш талантуулар. Алардын төртөсү Түштүк Кореянын граждандары бирөсү Кытайдан чыккан австралиялык. Топтун аталышы 59 жаштагы Джеки Чандын дүйнөлүк искусствого кошкон салымына арналган.

“Муз адамдан” табылган май дүйнөдөгү эң байыркы сыр аталды

15-03-2014, 16:12
“Муз адам” деген ат менен белгилүү жана 5 миң жыл мурда мумияланган адамдын карынынан табылган затты изилдеген италиялык окумуштуулар ушундай тыянак жасашты. Май, окумуштуулардын айтымында, “Муз адам” жеген жана анын ашказанында сакталып калган эчки эти, жашылча жана ундун байыркы түрүнүн бир бөлүгү. Буга чейин эң эски деп Кытайдын Такла-Макан чөлүнөн табылган мумияланган адамдын курсагындагы айран сыры эсептелчү. Ал биздин заманга чейинки 1615-жылы мумияланган. Соңку табылга Кытай мумиясынан 1500 жыл эски болууда. Биздин заманга чейинки 3350-3100-жылдар аралыгында жашаган адамдын мумияланган денеси 1991-жылы Италиянын түндүгүндө эрип бараткан мөңгүдөн табылган. Илимпоздордун айтымында, “Муз адам” мүрүсүнө тийген жебеден алган жарааттан өлгөн.

Пекинде Түрк элинин акыны Махтумкули Фрагинин 290-жылдык мааракесине арналган тегерек стол өттү.

12-03-2014, 18:07
Пекинде 10 мартта «Махтумкули Фрага жана жалпы адамзаттын баалулуктары» темада Махтумкули Фраги 290-жылдык мааракесине арналган тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чараны Кытайдагы Түрк элдеринин элчилигин колдоосу жана Кытай элинин борбор Азия коомдук достугу тарабынан уюштурулду. Майрамга катышкандар КЭР Түрк элчи Ч.Рустам, КЭР Азербайджан элчи Л.Гандилов, КЭР Беларусь республикасынан В.Буря, КЭР Өзбекстандан Д.Курбанов, КЭР Казакстан республикасынан Х.Абдишев элчи, Кытай элинин борбор Азиядагы достугунун төрагасы Чжан Дэгуан, Ли Цзяньпин, Сун Цзинь эл аралык борбордук университеттин торагалары катышышты.
Махтумкули Фраги уулу Түрк ойчул, 18-кылымдын улуттук акыны, элдик ооз эки чыгармачылык жана маданияттын негиздөөчүсү.

Жаштардын дүйнөлүк олимпиадасына бир жолдомо тийди

11-03-2014, 12:52
10-мартта Таиланд өлкөсүнүн Банг Саен шаарында оор атлетика боюнча уландар арасында Азия чемпионаты уланды. Мында Кыргызстандын сегиз балбан мелдешке катышууда. 69 кг. салмакта Рустамбек Таджидинов сегизинчи орунга илинди. 77 кг. салмактагы Курсант Төлөнов менен 85 кг. салмактагы Канболот Абышка уулу жетинчи орунга жетти.

Кыргызстан учурда 174 упай топтоо менен командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеп, быйыл жайында 16-августтан 28-августка чейин Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын жайкы экинчи олимпиадасына 1 жолдомо алышты.

Гонконгдо теннисчи Мария Шарапованын сөлөкөтү тургузулат

6-03-2014, 14:00
Момдоп жасалган эмгектер орун алган Гонконгдогу музейлердин биринде орусиялык теннисчи Мария Шарапованын элеси тургузулат. Бул тууралуу 6-мартта чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда теннисчинин колунда ракетка кармаган сөлөкөтү түшүрүлүп, атүгүл Шарапова 2012-жылы теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген Франциянын ачык чемпиондугун утканда кийип ойногон кийими менен болору айтылууда.
Мария бул музейде орун алган алгачкы теннис жылдызы. Буга чейин ал жайда Дэвид Бекхэм, Яо Мин, Тайгер Вудс жана башка спортчулардын элеси болгон. Бул эмгектен соң спортчунун музейге келерине ишенишүүдө.

8-март дем алышка туш келгендиктен, 10-март эс алуу күнү болуп жарыяланды

1-03-2014, 12:11
10-март эс алуу күнү болуп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, майрам дем алыш күнүнө жана жумуш эмес күнгө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
8-март - Аялдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө туш келгендиктен 10-март эс алуу күнү болуп жарыяланды.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить