Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Түнкүсүн тамактануу бөйрөктү оорутат

2-07-2015, 18:22
Кытай догдурлары күн сайын үч маал быштак жей берип сол бөйрөгүнө таш толуп калган адамга операция жасашты. Анын бир эле бөйрөгүнөн 420 даана майда таш чыккан. Таштарды алып чыккан догдур 30 жылдык эмгек тажрыйбасында мынчалык көп ташы бар кишини көрбөгөнүн айтты. Бул окуя эл аралык медицинада кызуу талкуу жаратты.

Эл аралык студенттер Пекиндик пенсионерлерге англист тилин үйрөтүшүүдө.

8-05-2015, 19:19
Пекиндин Чаоян районунун пенсионер жашоочуларына, эл аралык студенттер англист тилин окутушууда. Маалыматка ылайык, Кытайдын ар бир үчүнчү бүтүрүүчүсү чет өлкөгө окууну тандашат. Анын сынарындай, Пекиндин каары жашоочулары да неберелери менен англист тилде сүйлөшүүнүн максатында тил үйрөнүшүүдө. Пекинде атайы каары адамдар үчүн да окуу курстары аз болгондуктан, жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Азыркы тапта, 20 волентор 30 каары адамдарга сүйлөө речин үйрөтө баштады. Бул туурасында, City of Beijing порталы жарыялады.

Кытайлыктар чегирткени жок кылууга жардам бермей болушту

27-04-2015, 18:10
Бүгүн, 27-апрелде КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Чинь Жань айыл чарба жана илим академиясынын вице-президенти Чу Чаньк, Тай Же жана айыл чарба, экономика жана илимий техникалык институтунун директору Юе Чи Чаньк менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Чу Чаньк, институт жөнүндө кыскача маалымат берди. Ал эми министр Таалайбек Айдаралиев, Кыргызстанда жылына 60 миң га чейинки жерди чегиртке каптаарын айтып, бул зыянкечтен кантип кутулуунун жол-жобосун сурады.
Юе Чи Чанк, чегиртке запкысынан алдын ала коргонуу үчүн тийиштүү дары-дармектер бар экенин билдирди.
Жыйынтыгында, тараптар Чинь Жань институту менен биргелешип иштөө жөнүндө белгилешти.

Дүйнөдөгү эң көп уктаган улуттар аныкталды

25-04-2015, 16:06
Словакия элинин жашоочулары кытайлыктарды жана венгерлерди ашып, таттуу уктоо боюнча рейтингде алдыга чыкты.Бул тууралуу РИА Новости булагы жазууда.

Маалыматка ылайык уктоонун сапаттуулугу жана узактыгы боюнча сурамжылоону "Уктоо цикли", (Sleep Cycle) мобилдик эксперттер тобу жүргүзгөн. Орусия тизменин биринчи 10 өлкөсүнө кирген жок. Орустар орточо эсеп менен саат 1:05 жатып, таңкы 8:06 ойгонушат. Алардын орточо уктоо убактысы 6 саат 45 мүнөттү түздү.

"Уктоо цикли", (Sleep Cycle) тобунун изилдөөсү боюнча эң таттуу уктаган 10 өлкө төмөнкүлөр:

1. Словакия

2. Кытай

3. Венгрия

4. Чехия

5. Польша

6. Швейцария

7. Тайвань

8. Австрия

9. Украина

10. Германия

Адистердин айтымында, мурда дүйнөдө эң эрте Түштүк Африка өлкөсүнүн жашоочулары орточо саат 6:09да ойгонушат.Эксперттер жашоочулардын 58 пайызы дем алыш күндөрү эс алышаарын белгилешти. Жалпысынан сурамжылоого 47 өлкөдөн 18 жаштан 55 жашка чейинки 941 миң адамдан билдирүү алышкан.

Кытайда онлайн медициналык диогнозго тыюу салынды.

20-04-2015, 17:17
Кытайда ушунчалык жогорку деңгээлде өнүгүп жаткан, медициналык мекемелердеги онлайн-режимдеги дарыгерлердин кенештерине жакынкы аралыкта тыюуга алынды. Бул маалыматка, улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын төрагасы, Сун Шулида өз кезигинеде, тыюу салынган дарыгерлердин онлайн-консультация бергени коркунучтуу экенин cnr.cn маалымадады.
Акыркы мезгилде онлайн кеңеш берүү дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда экени талашсыз. Буга каршы кытайдын премер-министри Ли Кэцян каршылык оюн да март айында бир нече сайттарга билдирген.

20 жаштагы кыз оорусунун айынан 7 жаштагы бойдон калган

2-04-2015, 18:17
Кытайлык 20 жаштагы Зенг Юшань оорусунун айынан жети жаштагы бойдон калган. Бул тууралуу rambler.ru булагы жазууда.

Маалыматка ылайык Кытайдын Гуджу шаарында 1994 жылы төрөлгөн Зенг Юшань гипофиз шишиги (гормон жетишсиздиги) оорусу менен 20 жаштагы кыз оорусунун айынан 7 жаштагы бойдон калганооруган. Дарыгерлердин айтымында жети жашында күчөгөн оорудан кийин Зенг Юшань чоңойбой калган. Арадан жыйырма жыл өткөндүгүнө карабай оорулуу кыз жети жашындагыдай көрүнөт. Гипофиз мээден ылдый мурун түтүктөрүнө жакын жайгашкан. 20 жаштагы кыз оорусунун айынан 7 жаштагы бойдон калганАнын өлчөмү буудай даанасына окшошуп кетет. Бул бездер гормонду жана балакатка жетишүүсүн камсыздайт. Мындай сейрек кездешчү гипофиз шишиктери адамдардын келбетинин калыптанышына жана нормалдуу чоңойушуна тоскоол болот.

Эң семиз бөбөк

26-02-2015, 16:45
Бул бала Кытайда жашайт. Жашы үчкө чыкса да салмагы 63 килограмм! Ал өзүнүн курагындагы балдардан беш эсе чоң. Аны бала бакчага да алышкан эмес, себеби башка бөбөктөргө зыяны тийет деп чочулашат. Бирок анын мынчалык семирип кеткенине бөбөк күнөөлүү эмес дешет жергиликтүү адистер. Себеби, Кытайда "Кичинекей Император" деген термин бар. Кытайлар аз балалуу болгондуктан аларды өтө эле ашкере бөпөлөп багышат. Алардын кээси ушундай семиздикке алып барат дешет.

Кытайда биринчи жолу чоң жумуртка демонструкцияланды.

16-02-2015, 18:36
Пекиндеги бакча музейинде, биринчи жолу 100 тоок жумурткасына тең келген чоң жумуртка элге көргөзүлдү.
Маалыматка ылайык, өзгөчө экспонаттын бийиктиги 31 сантимерт болсо, узунунан 23сантиметрди түзгөн жумуртка былтыр ноябрь айында Великобританияда аукционго коюлганын музейдин кызматкери белгиледи. Азыркы убакта, дүйнө жүзүндө 18 чон жумуртка бар. Ал эми АКШда 12 Великабританияда 4 жана Австралиде 2.



 

Үрүмчүдөн келчү учак кардан улам Кыргызстанга келе албай жатат

9-12-2014, 17:03
Аба ырайынын начар шартынан улам Үрүмчү-Бишкек рейси кармалып калды. Бул тууралуу кечээ , 8-декабрда Kabar Press мамлекеттик маалымат кызматы аталган каттам менен учууга камынып жаткан кыргызстандыктарга шилтеме кылуу менен маалымдады.

"Аэропорт кардан улам жабылды, учактар учпай жатат",-деп билдиришти окуянын күбөлөрү.

Кыргызстандын эл аралык "Манас" аэропорту бул маалыматты тастыктады. "Үрүмчүдөн келчү учак учуп келген жок, анын келүү мөөнөтү такталып жатат. Биздин аэропорт штаттык режимде иштеп жатат",-деп кабарлайт аэропорттун басма сөз кызматы.

Үрүмчүдөн келчү учак Бишкек убактысы боюнча саат 8.50дө Кыргызстанга конмок.

Төрт колдуу, төрт буттуу бала төрөлдү

11-09-2014, 18:39
Кытайдын Гуандун аймагында 13 күн мурун жарык дүйнөгө келген 4 колдуу жана 4 буттуу бала баардыгын таң калтырууда.

Маалыматка ылайык, 13 күн мурун төрөлгөн баланын ашыкча колу, буттарын операция жолу менен алып салышты. Наристе 3 килограмм салмак менен төрөлгөн. Ал эми ашыкча органдарын алгандан кийин 600 граммга төмөндөгөн. Аялдардын калыбына келтирүү медициналык борборунун башкы дарыгери Ю Жикандын айтымына караганда, бул аял эгиз төрөшү керек болчу. Бирок эгиздердин бирөө апасынын курсагында эле өөрчүбөй, кээ бир органдары гана жабышып өсүп кеткендигин билдирди. Азыр наристенин бардык органдарынын саламаттыгы текшерилип жатат. Баланын атасы учурунда келинчегине жакшы көңүл бурбай, оор жумуш кылдыргандыгы үчүн өкүнгөндүгүн мойнуна алды. Дарыгерлер баланын ден соолугу кадимкидей оңолуп, өзү сүт иче баштагынын кубануу менен айтышууда.

Австралиялык жаран алган травмадан кийин кытайча сүйлөп баштаган

9-09-2014, 16:55
Каттуу автокырсыкка учураган Австралиялык жигит бир жума өткөн соң, ойгоноору менен мурун билбеген кытай тилинде сүйлөп баштаган.
Маалым болгондой, Австралиянын Бен Мак-Магон аттуу 22 жаштагы жараны каттуу автокырсыкка кабылып, комага тушуп калган. Эки жума кома абалында жаткан жигит өзүнө келген соң, медайымга англис тилин унутуп, кытайча кайрылган. Белгилүү болгондой, жигиттин ата-энеси бул кабарды уккандан сон, ишенишкен эмес. Алардын айтымында, уулу кытай тилинде эч сүйлөгөн эмес, бир кездерде үйрөнүүгө аракет кылган, бирок андан жакшы жыйынтык болгон эмес.
Белгилүү убакыттан кийин Мен Мак-Магон эне тили болгон англисчени эсине түшүргөн. Учурда ал Шанхайда, кытай тилин тереңирээк үйрөнүүнү пландоодо.

Кытайда кош канаттуу чиркейлер түркүмүнө кирген дүйнөдөгү эң чоң чегиртке табылды

26-07-2014, 16:49
Кытайдын Сычуань провинциясындагы энтомологдор канаты 21,01 сантиметрге чейин жайылган чиркей кош канаттуу чиркейлер түркүмүнө кирген чегиткенин бар экенин аныкташты. Аталган табылга учкан чиркейлердин чоңдугу боюнча коюлган рекорддон ашат. Буга чейин 19,1 сантиметр чегиртке дүйнөдөгү эң чоң чиркей деп саналып келген. Коридалида чегирткеси музейге өткөрүлүп берилди. Сырткы көрүнүшү боюнча чегирткеге окшошкону менен коридалида чоң канаттуу чиркейлерге кирет. Алар Кытай, Вьетнам жана Индияда жашашат. Таза суулардын айланасында гана жашаган чиркейлер суу булгана баштаганда жер которушат. Буга чейин Сычуань провинциясында табылган эмес.

Роботтошууга секирик жасаган Кытай

23-06-2014, 20:02
Кытайдын роботторго болгон талабы болуп көрбөгөндөй өстү. Роботтордун саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган Кытай быйыл атаандаштары Түштүк Корея жана Жапониядан озуп чыгат. Бул тууралуу Эл аралык робототехника федерациясы кабарлады.

Акыркы сегиз жылда Кытайдагы роботтордун саны төрт эсеге өскөн жана барган сайын өсө бермекчи. Робототехниканын 50 жылдык тарыхында кыска убакытта мындай тез өсүү эч бир өлкөдө болгон эмес. Быйыл Кытайда ишке салынган жаңы роботтордун саны 22 миңден 32 миңге жетээри күтүлүүдө.

Машине курууда роботтор кеңири колдонулат.Машине курууда роботтор кеңири колдонулат.

Адамдардын ордуна роботторду иштетүүнүн артыкчылыктары кытайлык өндүрүш ишканалары үчүн өтө маанилүү. Албетте, роботторду сатып алуу кымбат. Бирок роботтор татаал тапшырмаларды кылдаттык менен аткара алат. Роботтор эс алуусуз, уйкусуз, тамак-ашсыз, үй-жайсыз жана маянасыз иштей беришет. Роботтор адамдар өңдүү ооруп калбайт жана нааразылык билдирбейт.

Кытай өкмөтү жыл сайын жумушчулардын маянасын 13% көбөйтүүнү караган маалда, ири завод-фабрикалар өндүрүштөрүн автоматташтыра башташты. Кытайдын роботторго болгон талабы кескин өскөнүнөн, Тайванда жылына адаттагыдай 10 миң эмес, бир миллион робот чыгарыла баштады.

Кытай роботторду көп колдонгон өлкө болгону менен, өзү дээрлик робот жасабайт.

Шэнси провинциясынын Цишань шаарынын үнкүрүндө, 1600 жылдык ийгилик алып келүүчү мышык изилденди.

13-06-2014, 21:00
«Хуанашбао» гезитинин маалыматында,түндүк вэй династии үнкүрүндө 1600 жыл мурун болгон, ийгилик алып келүүчү мышык изилденди.

Бул жайда, Цишан шаарында таштан жасалган тоодо , тагыраак айтканда, Цайцзяпо кыштагында беш үнкүр болуп, алардын ичинде ар түрдүү сыйынуучу скульптуралар болгон. Алардын бири ийгилик алып келүүчү мышык экени изилденди.

Жаратылыштын негизгиси.

7-06-2014, 19:53
Кытайда күрүчтү байыркы убактан бери өстүрүп келет. «Күрүч ашказанга сарамжалуу, ден-соолуктуу бекемдеп жана денени ооруудан сактайт». Азыркы күндө, Кытайда күнүнө ар түрдүү өңдөгү жана сортогу 40 миң күрүч базарга чыгат. Күрүч Кытайда алдыңкы дан азыктардын бири болуп эсептелинип, башка азык-түлүктөр кошулуп, түрдүү тамактар дайындалып келет.

Кытайда эне сүтүнөн самын жасап чыгарышууда

2-06-2014, 20:24
Кытайда жаңы тренд, тагыраак айтканда, эне сүтүнөн жасалган самын пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул тренддин негиздөөчүсү - баласы эмчек эмүүдөн баш тарткан аял. Ал өз эмчек сүтүнөн мамалак, балык, таш баканын формасында самын жасап, Кытайдын соода сайттарына чыгарып сата баштады. Анын ийгилигин көргөн башка энелер да ушундай жолго өтүшүүдө. Бирок илимде эне сүтүнөн жасалган самындын пайдалуулугу тууралуу тастыкталган маалымат жок болгондуктан, дарыгерлер энелерден мындай жолго баруудан алыс болушун суранышууда.

Археологдор Кытайда динозаврдын сөөгүн табышты

30-05-2014, 19:44
Кытайдын түндүк аймагындагы Хэбэйден археологдор динозаврдын сөөгүнүн калдыктарын табышкан. Бул туулауу Синьхуа булагы жазат.

Белгилүү болгондой. 21- май күнү байыркы доорго таандык узундугу 7-10 метрлик динозаврдын жамбаш сөөктөрү, көкүрөк жана омуртка бөлүгү табылган.

Шинжаң кыргыз адабиятынын 30 жылдык тандалган чыгармаларынын томдуктары кыргыз окурмандарынын таанышуусуна комиссия тарабынан кабыл алынат.

27-05-2014, 20:09
“Шинжаң кыргыз адабияты” журналы Кытай Эл Республикасындагы 1981-жылдан бери жарык көрүүчү кыргыз тилиндеги бирден бир адабий басылма. Жуңго кыргыз адабиятынын, маданиятынын бешиги болуп саналган басылманын ал жердеги боордош кыргыз элине коомдук таасири өтө жогору.
2014-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат борборунда Шинжаң уйгур автономиялуу райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлөт. Жолугушууга аталган журналдын башкы редактору - Толкун Турду, орун басары – Жаанбай Асанаалы, редактору – Мамбетайса Мамбеттурган ж.б калемгерлер катышмакчы. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы тыгыз кызматташуулар, тажрыйба алмашуулар туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Шинжаң кыргыз адабиятынын 30 жылдык тандалган чыгармаларынын томдуктары кыргыз окурмандарынын таанышуусуна комиссия тарабынан кабыл алынмакчы.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить