Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Кытай поезддери жаңы рекорд койду

5-08-2016, 16:03
“Алтын феникс” жана “Көк дельфин” электропоездери (Electric multiple unit же EMU) жарыша жаткырылган темир жолдо 420 км/саат ылдамдыкта баратып кездешти. “Электропоезддер буга чейин мындай ылдамдыкты багындырган эмес,”- деп билдирди Кытай темир жол корпорациясынын технологиялык башкармалыгынын башчысы Чжоу Ли (Zhou Li).

Тарыхый окуя 15-июлда саат 11:20да Чженчжоу (Хэнан провинциясы) - Сюйчжу (Цзянсу провинциясы) темир жолунда болду. Жүргүнчү катары бараткан техниктер менен журналисттер “шуу” деп кайып болгон үндөн каршы тарапка башка поезд өткөнүн сезишкен. Поезддер 1,5 м аралыктагы эки жолдо кездешкен учурда бир бирине салыштырмалуу ылдамдыгы 840 км саат болду. Бул авиалайнердин крейсердик режимде1 бараткандагы ылдамдыгы.

Кытай Илимдер академиясынын өкүлү Чжао Хунвэйдин (Zhao Hongwei) айтымында, улуттук эки компания баштан аяк өздөрү жасаган электропоезддерди унификациялоо менен алардын синхрондуу кыймылдоосуна, токтоосуна жетишүүнү, түрдүү табигый чөйрөгө ылайыктуу болуусун, өздүк наркын төмөндөтүүнү көздөйт.

Кытай берегидей EMU поезддеринин саны (2395 даана) боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана алар үчүн 19 000 км жол курулган. Бул дүйнөдөгү мындай жолдун 60%. Кытай октой сызган электропоезддер каттачу жолдорду ушу тапта Индонезия, Орусия, Иран жана Индияда курууда. (Караңыз: http://news.xinhuanet.com, http://en.yibada.com)

Интернет колдонуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда Кытай турат.

4-08-2016, 09:40
Интернет колдонуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда Кытай турат. Internet Live Stats онлайн статистикалык сайтынын интернет колдонуучулардын саны боюнча рейтингде Кыргызстан 106-орунда турат. Ал рейтингге ылайык, Кыргызстанда боюнча 2 миллион 76 миң 220 интернет колдонуучу бар. Бул деген Кыргызстандын 34,4 пайызын түзөт. Көрсөткүч боюнча Кыргызстандагы интернет колдонуучулар 2015-жылкага караганда 144 миң колдонуучуга көбөйгөн.Борбор Азияда интернет колдонуучулардын көптүгү боюнча Өзбекстан (15,4 миллион колдонуучу) алдыда турса, андан кийин Казакстан (10 миллион колдонуучу) ээлейт.Ал эми дүйнө жүзү боюнча сап башында 721 миллион интернет колдонуучусу менен Кытай турат. Индия 462 миллион колдонуучусу менен экинчи орунду ээлесе, АКШ 287 миллион колдонуучусу менен үчүнчү орунда.Рейтинг 201 өлкөдө жүргүзүлүп, ага жер планетасынын 40 пайызы катышкан.

Кытай тилин үйрөнүү башталды

3-08-2016, 15:11
Ат-Башы районунда окутуу жана даярдоо борборунда кытай тили боюнча курс ачылды. Маалыматка ылайык, борбордо башка тилдер дагы окутулат. Ат-Башы элинин суроо-талабы көп болгондугуна байланыштуу кытай тил курсун ачтык. Андан тышкары, бул борбордо англис, орус тилдери, математика, компьютер боюнча курстар бар. Айыл тургундарынын шартына карап курстардын баасын арзан кылдык. Окутуу курстарына айына 350 сом төлөнөт.

Кытайда гидросамолеттун модели пайда болду.

2-08-2016, 15:27
Кытайда гидросамолеттун модели пайда болду. Жаңы моделдин көлөмү Boeing-737 самолетуна туура келет. Бул гидросамолет токойдогу өрттү өсүрүүгө ылайыкталган. Бул моделдин үстүнөн жүздөгөн адистер 7 жыл иштешкен. Ал эми анын ачылышы Кытайдын түштүгүндө Гуандун провинциясында болуп өттү.

Адамдын башын алмаштырган заман келди

16-06-2016, 18:41
Кытайлык хирург адамдын башын алмаштырууну мерчемдеп жатат. Дүйнө элинин 30% көбү түнкүсүн Саманчынын жолун көрө албайт. Кытайда жаш муундун өкүлдөрү олбурлуу болуп төрөлүүдө. Буудай талкандын пайдасы.
Кытайда башын алмаштырууну каалагандар арбын

Мындай операцияны жакында Кытай илимпозу, доктор Сяопин Рен (Xiaoping Ren) жасамакчы. Ал бул планын The New York Times гезитинде ырастады. Илимпоз-хирургдун сөзүнө караганда, экспериментке макулдук берген адамга бөлөк бирөөнүн соо башы “орнотулат”. Баш денеге жалпак металл менен бириктирилип, ал башты түз кармап турса, жүлүндүн нерв клеткалары желим сыяктуу сүлкүлдөк суюктукка салынып, өстүрүлөт экен. Маалымдалгандай, башын алмаштырууну каалаган ыктыярдуулар бир топ.

Сяопин Рендин мүдөөсүн Кытайдын саламаттыкты сактоо министринин мурдагы найыбы (орун басары) Шианг Жефу (Huang Jefu) медициналык этикага сыйбаган иш катары сындады. Бээжин университетинин медициналык этика боюнча лектору Cong Yali (Конг Яли) доктор Ренди "өлкөнү жаманатты кылууда" деп күнөөлөдү. Чет өлкөлүк дарыгерлер арасында да сын-пикирлер айтылууда.

Жыл башында доктор Рен жетектеген адистер эшектин башын ийгиликтүү трансплантациялап, жаныбар операциядан кийин 20 саат жашаган. Бул операция 20 саатка созулган. Ал эми адамдын башын алмаштыруу үчүн 20-30 саат кетет деп болжолдонууда. Илимпоз-хирург эшектен мурда 1000 чычканга операция жасап көргөн.

2015-жылы Кытай өкмөтү илимий изилдөөлөргө 216 миллиард доллар чегерген. Бул 2005-жылы илимге деп бөлүнгөн акчадан 4 эсе көп.

Кыргызстан билимди экспорттоодон жылына 8 млн доллар табат

13-05-2016, 17:36
Бул тууралуу билим жана илим министри Элвира Сариева “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул каражат чет мамлекеттерден Кыргызстанга келип окуган студенттердин эсебинен түшөт. Анын айтуусунда, бул сумманы 30 млн долларга чейин жеткирүү дарамети бар.

Кыргызстанга негизинен Кытай, Индия, Пакистан жана Түркиядан улан-кыздар келип билим алышат. Алардын басымдуу бөлүгү медициналык кесип үчүн окугандар.

"Калыс-Ордо" жаңы конушунда күздө жаңы мектеп ачылат

22-03-2016, 12:45
Биринчи Май районундагы жаңы конуштун окуу жайы 750 окуучуну кабыл ала алат. Кытай компаниясынын каражаты менен ишке ашып жаткан курулушту жергиликтүү компания жүргүзүүдө.

Бишкектин "Калыс-Ордо" жаңы конушунда курулуп жаткан мектеп быйылкы окуу жылына карата даяр болот. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимовдун курулуш иштери менен таанышуусу учурунда айтылды.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районундагы жаңы конуштун окуу жайы 750 окуучуну кабыл ала алат. Кытай компаниясынын каражаты менен ишке ашып жаткан курулушту жергиликтүү компания жүргүзүүдө.
Мэр имараттын курулуп бүткөн биринчи кабатын текшерип чыкты. Алдын ала божомолдор боюнча мектеп жаңы окуу жылына даяр болот.


Sputnik

Кытай календары аркылуу уулдуу же кыздуу болгуңуз келеби?

11-03-2016, 14:33
Катар-катар уулдарды төрөп, эми кыз төрөгүсү келгендер, же тескерисинче кыздарды кыдырата төрөп, эми уулдуу болгусу келген келиндер “Кытай календары” аркылуу эсептетип көрсө болот. Албетте, баары Кудайдын буйругунан эмеспи, бирок 90% учурда бул календарь блюнча саналган наристенин кыз же уул болору дал келет. Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз, анын уул же кыз экенин эсептетсеңиз болот, же балалуу болууну пландап жаткан болсоңуз, алдын ала санатсаңыз болот.



Кытайды 2090 жыл мурун 27 күн башкарган императордун сөөгү табылды.

3-03-2016, 18:39
Императордун сөөгү Наньчан окуругундагы Цзянси провинциясында табылган.
Табылга экспертизага январда жөнөтүлгөнү менен ал тууралуу маалымат эми гана жарыяланды.
Чанъи-ван Хэ биздин доорго чейинки 74-жылы Батыш Хань династиясынын убагында башкарган.
Жергиликтүү чиновниктердин тобу ага каршы план түзүп, тактыдан түшүрүшкөн. Буга ылайык император 27 күндөн кийин тактысынан кол жуудурган.


Sputnik

Кытайлык окумуштуулар күндүн ядросунан үч эсе ысык тапка плазманы ысытышты.

15-02-2016, 17:46
Кытайлык окумуштуулар плазманы 49,99 миллион градус цельсияга чейин ысытып, аны магниттик аянтта 102 секунд кармашканын "Женьминь жибао" гезитине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Окумуштуулар: адам өмүрлүк жары менен тамакты бирдей тандайт
Күндүн ысыктыгы 6 миң градуска чейин жетсе, ядродогу ысык 15 миллион градусту түзөт. Адамдар тарабынан жасалган эң ысык температура 2010-жылы Чоң адрон коллайдерде 10 триллион ысыкты түзгөн.
Маалыматка ылайык, кытайлык окумуштуулар экспериментти Хэфэй шаарындагы лабораторияда январь айынын аягында өткөрүшкөн.
"Жэньминь жибао" гезити окумуштуулар эми плазманы 100 миллион градуска чейин бир миң секундга дейре ысытууну пландап жатышат.


sputnik.kg

Кыргыздын оюн кытай илимпоздору ишке ашырды

27-01-2016, 16:50
Кытай окумуштуулары жүздөгөн түргө өтүп, бирок баштапкы формасын эсинен чыгарбаган материалды жасашты. Полимер эч кандай калыпты пайдаланбай эле ар түрдүү келбетти же форматты кабыл ала алат. Мындай өзгөчө касиетке ээ заттар тууралуу кыргыз илимпоздору 1960-жылдары жазып чыгышкан.

Кытайда маймылдын башы башка маймылдын денесине ийгиликтүү тигилди

26-01-2016, 17:46
19-январда Кытайда маймылдын башын башка маймылдын денесине тигишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Операцияны италиялык хирург Сержио Канаверо жана анын кытайлык кесиптеши Жэнь Сяотин жасашкан. Операция ийгиликтүү аяктап, маймыл 20 саат жашаган соң аны дары сайып өлтүрүшкөн.

Орусиялык программист Валерий Спиридоновдун башын башка денеге тигүүгө даярданып жүргөн Канаверо дүйнө жүзүнө бул операция мүмкүн экенин далилдеди. "Аннаполисте өткөн конференцияда кесиптештерим мындай операция жасоо мүмкүн эместигин айтышкан. Андагы мага жааган сынга жооп бере алганыбыз үчүн кубанычтамын",- дейт Канаверо.

Жэнь Сяотин бул маалыматты тастыктап, башка денеге тигилген баштагы мээнин жөндөмдүүлүгү өз калыбында иштей берерин айткан. Ал эми дүйнө жүзү боюнча сынчылар жүлүндүн мээге кошулушу мүмкүн эместигин, бейтап кыймылдабай каларын, эксперимент ишке ашпай турганын кайталашкан.

«Жаңы жибек жолу» Кыргыз-Кытай эл аралык институту ачылды.

18-12-2015, 16:04
http://chinanews.kg/uploads/posts/2015-12/1450528903_new_silk_road-2.jpg«Жаңы жибек жолу» Кыргыз-Кытай эл аралык институту ачылды.«Жаңы жибек жолу» Кыргыз-Кытай эл аралык институту ачылды.

Дүйнө жүзү боюнча 2015-жылы Жер өтө катуу ысыды

26-11-2015, 16:59
2015-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болуп калды. Ал эми келерки жыл быйылкыдан да ысык болушу мүмкүн. Дүйнөлүк Метеорология уюму мындай бүтүмүн климат боюнча Париждеги саммитти утурлай жарыялады. Саммитте дүйнө өлкөлөрү булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча жаңы эл аралык келишимди макулдашат деген үмүт бар.
Адистердин айтымында, абанын ысышына жол бербөө булганыч газдардын бөлүнүшүн азайтуу, бул өз кезегинде өндүрүштү кыскартуу жана энергиянын калыбына келип туруучу түрүн пайдаланууну көбөйтүү дегенди туюндурат.


Буга чейин негизги оюнчулардан Евробиримдик булганыч газдардын бөлүнүшүн 2030-жылга карата 1990-жылкы деңгээлден 40%, АКШ 2025-жылга карата 2005-жылкы деңгээлден 26-28% кыскартарын жарыялашса, Кытай өлкөсүндө бөлүнгөн булганыч газдардын көлөмү эң жогорку чекке 2030-жылы чыгарын гана ачык айткан. Демек, ушул мезгилден тарта анын өсүшү токтотулушу керек.

Өзү дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы: АКШ менен Кытайдын үлүшүнө өндүрүштөн бөлүнгөн көмүр кычкыл газынын 45% туура келет. Дүйнөдө Кытай абанын биринчи, АКШ экинчи булгоочу өлкөсү катары саналат.

Кытай - Кыргызстандын өнөктөшү

25-11-2015, 18:32
Кыргызстан географиялык жактан жолдуу. Ажайып табиятка ээ, анан калса дүйнөдөгү даңазалуу өлкөлөрдүн бири – Кытай менен чектешип турат. Мындай коңшу менен экономикалык келечегибиз кең.

Батыш Европада Англия, Франция жана Германия экономикалык жактан жанындагы чакан өлкөлөрдүн өнүгүшүнө шарт түзсө, Кытайдын дүйнөлүк экономиканын көч башында туруусу Кыргызстан үчүн да кеңири мүмкүнчүлүктү ачып турат.

Биз Швейцариянын, Лихтенштейн жана Люксембургдун борбор азиялык көчүрмөсү болууга милдеттүүбүз, эгер биз улуу коңшубузга ачык болсок, сөзсүз жакшы жыйынтыкка жетебиз.

Кытай чындап эле алп өлкө. 2014-жылы Кытайдын ИДПсы 16 триллион доллар болсо (дүйнөдө 1 же 2-орунда), экспорту 2,4 триллионго (дүйнөдө 1-орунда), 2013-жылы башка өлкөлөргө салган инвестициясы 101 миллиард (дүйнөдө 3-орунда) долларга жеткен.

ТИМинин дипломатиялык академиясы жана Чжецзян университети өз ара түшүнүүчүлүк тууралуу меморандумга кол койду

12-11-2015, 18:22
К.Дикамбаев атындагы тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында ТИМдин дипломатиялык академиясы менен Кытай Эл Республикасынын алдыңкы университеттеринин бири болгон Чжецзян университетинин ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк тууралуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга кол коюга утурлай “Улуу Жибек-Жолунун экономикалык алкагы: бир жол, бир багыт” темасында тегерек стол болду. Анда Чжецзян университетинин жана дипломатиялык академиянын профессорлору доклад окушту.

Тегерек столдун жүрүшүндө тараптар “Жибек-Жолунун экономикалык алкагы” долбоорунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги тармактары тууралуу пикир алмашып, мындан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз-кытай мамилесинин маанилүү орунга ээ экенин белгилешти. Тегерек столго КЭРдин КРдагы элчилигинин, КР ТИМинин, КЭРдин Синьцзянь университетинин өкүлдөрү, ошондой эле, академиянын окутуучу-профессорлор курамы жана студенттер катышты.

Бишкекте кытай тилин тереңдетип окута турган мектептин курулушу башталды

4-09-2015, 17:21
Бишкектин Жал кичи районунда кытай тилин тереңдетип окута турган мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу 3-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы окуу жай Кытайдын каражатына салынып, ал 600 окуучуга ылайыкталат. Жалпысынан 24 класс түзүлүп, алардын 15и жөнөкөй, 9у атайын класс болуп эсептелинет. Анда кытай тили, фонетика, музыка, көркөм өнөр, физика, химия жана биология сабактары боюнча тереңдетип окутуу жүргүзүлөт.

Мектеп үч кабаттуу эки корпустан турары белгилүү болду. Курулуш иштери аяктаганда Кытай тарап мектепти керектүү жабдыктар жана эмеректер менен камсыз кылып, шаар башкармалыгынын карамагына өткөрүп берет.

Кытайда «башты кичирейтүү» боюнча дүйнөдөгү алгачкы операция жасалды

17-07-2015, 17:49
15-июлда Кытайдын Хунань провинциясынын Чжучжоу шаарындагы Экинчи Элдик ооруканасында «баштын көлөмүн кичирейтүү» боюнча дүйнөдөгү алгачкы операция ийгиликтүү өттү, деп жазат «Жэньминь Жибао» гезити.

Мээнин сары суусунан улам Чжучжоу шаарынын тургуну 3 жаштагы кыздын баш өлчөмү нормалдуу балдардыкынан 4 эсе чоң болгон.

17 сааттан ашык жүргүзүлгөн операция учурунда врачтар 3D-басма технологиясынын жардамы менен баш сөөк кутусун толугу менен алмаштырып чыгышты.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить