Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Пекиндеги атактуу Кытай дубалынын көздөн далдоо жерлери коргоого алынат

1-09-2016, 17:07
Пекиндин муниципалдык бийлиги атактуу Кытай дубалынын көздөн далдоо жерлерин коргоого алып, аны вандалдардан сактоо аракеттерин баштайт. Бул максатта атайын ыктыярчылар тобунан турган команда ишке киришти деп жазды Синьхуа агенттиги.
Пекиндин аймагындагы Кытай дубалы 573 чакырымга созулуп жатат. Ыктыярчылар аталган жердеги дубалдын көп көрүнбөгөн жерлеринде туристтер ыргытып кеткен таштандыларды тазалайт. Мындан сырткары, саякатчыларды бул тарыхый жайга урмат менен мамиле кылып, ар кыл таштандыга толтурбоо өтүнүчү менен кайрылып турушат. Улуу кытай дубалы – кытайлыктардын канча кылымдардан бери келе жаткан сыймыктана турган жайы жана өлкө бренддеринин бири. Ал жамгыр, күн, шамалдан сырткары, туристтер менен жергиликтүү элдин жоопкерчиликсиз мамилесинен да жабырланып келет. Келгендер ал жерлерге аттарын чийип жазып калтырса, жергиликтүү эл анын кыштарын ташып кетүүгө аракет кылган учурлар арбын.

Жер бетинде адамдын жаңы мутанттар расасы пайда болууда.

31-08-2016, 14:43
Жер бетинде адамдын жаңы мутанттар расасы пайда болууда.
Келбети боюнча кадимки эле адамдардан айырмалып жарык жашоого келген кишилер буга чейинки кылымдарда деле катталып келген. Бирок, алардын саны жыл санап өсүүдө. Ушундай адамдардын бири Кытайда жашайт. Нонг Юсуинин көзүн, тактап айтканда карегинин түсү менен айырмаланып турат. Ал караңгыда да баарын көрүү жөндөмдүлүгү бар. Ал эми индиялык Сингх Абунун каны таптакыр башкача. Ал жыландын уусун тоготпойт. Аны атайылап өтө уулу жыландарга чактырып көрүшкөн бирок, эч кандай жабыркаган эмес. Ал эми анын канын дарыгерлер изилдеп көргөн жана чындап башкача экендигине таң беришкен.

Кытайдын бийлиги "туура эмес" кабарларды телерадиого чыгарууга тыюу салды

30-08-2016, 11:55

Кытайдын бийлиги телерадионун эфиринен "анча позитивдүү эмес жана эстетикалык баалуулугу төмөн" социалдык жана көңүл ачуучу маалыматтар менен күрөшөт. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү жазып чыкты. Кытайдын басма сөз, телерадио боюнча атайын мамлекеттик органынын талабы менен жаңылыктарды көтөрүңкү маанай көбүрөөк болушу зарыл, өлкө идеологиясын таратууда басыңкы маанайдагы кабарлар коштобошу керек. Аталган орган мындан кийин эми өлкөдөгү бардык эфирлердеги жаңылыктарга көз кырын салып турмакчы. Жаңылыктарда элдин салт-санаасына көлөкө түшүрүлбөшү, аны менен кошо Батыштын жашоо образына ачыктан ачык суктануу болбошу керек деген талап коюлган. Мындан сырткары, жаңылыктарда жылдыздарды, миллиардерлерди, интернет-атактууларды көкөлөтпөө жана алардын жеке жашоосунан сенсация издебөө талаптары бар.

Изилдөөчүлөр: 37 жылдан кийин адамдардын саны 10 миллиардга жетет

29-08-2016, 14:56
Жер үстүндөгү адамдардын саны 2053-жылы 10 миллиардга жетет. Бирок ошол эле учурда Россия менен Украинанын калкы 7,9 жана 9 миллионго кыскарат. Ал эми Япония 24,7 миллион адамга азайып рекорд коет. Бул тууралуу калктын санын эсептөөгө алган Вашингтон Бюросу жарыялагынын РИА Новости жазып чыкты. "Жер жүзү боюнча төрөлгөндөрдүн саны азайып жатканы менен адамдардын санынын өсүүсү жогорку деңгээлде тура берет. Себеби адамдар Европада азайып жатканы менен Африканын калкы 2050-жылга карата эки эсе көбөйөт", — деп билдирди Бюронун президенти Жеффри Жордан.

Кытайда бассейнге түшүшкөн соң 300гө жакын бала ооруп калышты

26-08-2016, 15:32
Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын Харбина спорттук борборунун бассейнине августтун башында сууда сүзүүнү үйрөнүүгө келишкенден кийин 300гө жакын бала ооруп калышты. Бул туралуу China Daily гезити жазды.
Маалыматка караганда, бассейнге түшүшкөндөн кийин балдардын көздөрү ооруп, эти ысып чыккан. Харбин спорттук машыгуу борборунун администрациясы балдардын ооруп калышына бассейндеги суунун таза эместиги себеп болгондугун мойнуна алып, балдардын ден соолугуна байланыштуу бардык чыгымды төлөп берүү жоопкерчилигин көтөрдү.

Кытай космосту багындырабы?

25-08-2016, 15:46
Кытай аба мейкиндигине дагы 2 навигациялык спутник жөнөттү.
Синхуа агенттигинен маалымдашкандай, өлкөнүн орто жериндеги Шичанг спутник учуруу борборунан жалгыз ташуучу ракета менен Кытайдын өндүрүү этабындагы дүйнөлүк “Түндүк Жылдызы (Бейдоу) навигация спутниги” системасы үчүн дагы 2 спутник жөнөтүлдү.
Кабарда, навигация системасынын алкагында жөнөтүлгөн спутниктердин саны 19га жеткендиги, спутниктердин кыска убакытта мурдатан белгиленген орбиталарына жеткендиги айтылат.
Метеорология, балыкчылык, телекоммуникация, карта чыгаруу сыяктуу бөлүмдөрдө маалымат камсыздоо максатын көздөгөн “Түндүк Жылдызы” спутник сериясынын 2020-жылга чейин орбитада 30 спутникке жетип, дагы активдүү жана ар тараптуу жалпы изилдөө кызматын аткаруусу максатталып жатат.

“Дүйнө сулуусу-2016” Кытайда өтөт

24-08-2016, 14:48
Дүйнө сулуусу-2016” сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Наргиза Осмонова барат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Миссис Кыргызстан» сынагынын уюштуруучусу Рыскуль Намазбекова билдирди.
Анын айтымында, «Дүйнө сулуусу 2016» 29-августтан 6-сентябрга чейин Гуаджоу (Кытай) шаарында өтөт. Бул жылы Кыргызстанды буга чейин эл аралык сулуулар сынактарына катышып келген, эки баланын энеси, чоң эне 41 жаштагы Наргиза Осмонова таанытат.
«Биз аталган сынакка катуу даярданып жатабыз жана алдыңкы орунду багындырабыз деп ишенебиз », - деди Р.Намазбекова.
Өз кезегинде Н.Осмонова мен үчүн жогорку дэңгээлдеги сынакта Кыргызстандын атын алып чыгуу чоң жоопкерчилик деп белгиледи. “Бул жолу мен жалгыз барбайм, мени менен чоң топ барат, алар мени колдоп, күч кубат берип турат. Өлкөбүздүн атын таанытуу бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик, ошондуктан кайгырып, толкунданып жатам. Азыр колго көйнөк тигип жатабыз. 12-августта Ысык-Көлгө барабыз, ал жакта Кыргызстан тууралуу атайын видео ролик даярдайбыз, анда өлкөбүздөгү кооз жерлер камтылат”,-деди ал

Кытайда айым курсактагы баланы 17 айдан бери көтөрүп келе жатат

23-08-2016, 12:54
Кытайда айым курсактагы баланы 17 айдан бери көтөрүп келе жатат.

Хунань провинциясынын жашоочусу былтыр февралда кош бойлуу экенин билген. Ошентип, ал ноябрда көз жарышы керек болчу. Бирок андан бери аялдын абалы өзгөрө элек.

Дарыгерлер муну түшүндүрө албай жатат, бирок эненин ден-соолугуна коркунуч жок экенине ишендирүүдө.

Курсактагы баланын салмагы азыр 3,8 килограммга теңелди.

Буга чейинки рекорд 13 ай баласын көтөргөн энеге таандык болчу.

Риодогу Олимпиада отуРиодо Олимпиада оту өчтү

22-08-2016, 15:37
Эскерте кетсек, эл аралык оюндар 5-августта башталып, 21-августка чейин уланды. Ага жалпы жонунан 207 мамлекеттен 12 миң спортчу катышты. Кыргызстандан 19 спортчу барып, тилекке каршы, байгелүү орундарга татый алышкан жок. Штангист Иззат Артыковдун жалгыз коло медалын Оор атлетика боюнча эл аралык федерация канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген жүйө менен алып койду.
Бардыгы болуп спорттун 28 түрү боюнча медалдын 306 комплектиси ойнотулду. Бул убакыт аралыгында 27 дүйнөлүк жана 91 олимпиадалык рекорд коюлду. Рейтингди 121 медаль (46-37-38) менен АКШ жетектесе, экинчи орунду 67 медаль менен британиялыктар, үчүнчү сапты 70 медаль менен Кытай ээледи.

Аталган Олимпиада бир катар ызы-чуусу, спортчулардын көп санда алган жаракаты менен эсте калды.

Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.

Кытайда күнү-түнү бирдей көргөн бала табылды

19-08-2016, 16:49
Маалыматка таянсак, баланын көзү мышыктын көзүнө окшош келип, түнү күнү бирдей көрө алчу касиетке ээ. Дарыгерлер карап чыгып, баланын көзүндө «топетум» бар экендигин аныкташкан. «топетум» ит, мышык, жөргөмүш ж.б жандыктарда болот. Алар ошондуктан түнү-күнү бирдей көрө алышат.

Кытайдын Аньхой провинциясынын жашоочусу өзүнүн ийилчээктик жөндөмүн көрсөткөн фотосессияга катышкан.

18-08-2016, 15:55
Кытайдын Аньхой провинциясынын жашоочусу өзүнүн ийилчээктик жөндөмүн көрсөткөн фотосессияга катышкан. Денесин ийилтип, түрдүү позада өзүн көрсөтө алганын жазган "Daily Mail" басылмасы кызды "Кытайдагы эң ийилчээк адам" жана "Ийилчээк адамдардын ханышасы" деп атаган.

Сүрөттөрдөн 24 жаштагы Лю Тэн (Liu Teng) классикалык кийимде: ак көйнөк, кара шым, шиш такалуу туфлиде ийилчээктик жөндөмүн канчалык деңгээлде көрсөткөнүн көрүүгө болот. Сүрөткө тартуу учурунда кытай кызы бутун чоюп отуруп, "куту", "бака" сыяктуу трюктарды көрсөткөн.

Маалыматтарга караганда, өзгөчө таланттуу Лю Тэн 2016-жылы "Дүйнөнүн эң ийилчээк аялы" атыккан немис кызы Юлия Гюнтелден (Julia Gunthel) бир аз гана артта калат.

Кытайда эркек чогулткан акчасын итине мурас кылып калтырды

17-08-2016, 12:46
Кытайда эркек чогулткан акчасын итине мурас кылып калтырды. Карыя 12 миң долларга чукул акча топтоп койгон. Ал каражат итти карылыкка чейин кароого пенсия катары колдонулат деген ишенимин арттырууда.



Белгилүү болгондой, эркек мындан көп жыл мурда аялын жана жалгыз уулун жоготуп, үй-бүлөсүнүн жалгыз мүчөсү катары итти эсептеп келет.

Кытайда эне сүтүнөн самын чыга баштады

16-08-2016, 15:49
Кытайда эне сүтүнөн самын чыга баштады.

Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Баласы эмчек эмүүдөн баш тарткан аял бул тренддин негиздөөчүсү. Ал өз эмчек сүтүнөн мамалак, балык, таш баканын формасында самын жасап, Кытайдын соода сайттарына чыгарып сата баштаган. Анын жыйынтыгын көргөн башка энелер да ушундай жолго барышууда. Бирок илимде эне сүтүнөн жасалган самындын пайдалуулугу тууралуу тастыкталган маалымат жок болгондуктан, дарыгерлер энелерди мындай жолго баруудан алыс болууга чакырышат.

Кытайда билерик болуп колго оролуучу смартфон чыгарылды.

15-08-2016, 15:43
Кытайда билерик болуп колго оролуучу смартфон чыгарылды.

Анын өндүрүүнүн сырлары ачыкталбайт, бирок белгилүү болгону смартфонду жасоодо графен колдонулган.

Дисплейи ийилчээк телефон быйыл сатыкка чыгышы күтүлүүдө. Ал азырынча ак-кара түстөгү экранга ээ болот.

Түстүү дисплей менен билерикке чогулуучу смартфон эки жылдан кийин жарык көрөт. Анын абасы 760 долларды түзөт.

Кытайда миңден ашык роботтор бирдей ыргакта бийлеп чыгышты.

12-08-2016, 14:56
Кытайда миңден ашык роботтор бирдей ыргакта бийлеп чыгышты.
Шаньдун провинциясында муну менен дүйнөлүк рекорд коюшту. 1 миң 7 роботтун бийиктиги жарым метрге бир аз жетпейт. Аларды бир уюлдук телефонго орнотулган программа аркылуу башкарышкан. Бий 1 мүнөткө созулду.Буга чейин Кытайда 540 роботтор бийлеген.

Кытай аба мейкиндигине дагы 2 навигациялык спутник учурду.

11-08-2016, 09:28
Кытай аба мейкиндигине дагы 2 навигациялык спутник жөнөттү.
Синхуа агенттигинен маалымдашкандай, өлкөнүн орто жериндеги Шичанг спутник учуруу борборунан жалгыз ташуучу ракета менен Кытайдын өндүрүү этабындагы дүйнөлүк “Түндүк Жылдызы (Бейдоу) навигация спутниги” системасы үчүн дагы 2 спутник жөнөтүлдү.
Кабарда, навигация системасынын алкагында жөнөтүлгөн спутниктердин саны 19га жеткендиги, спутниктердин кыска убакытта мурдатан белгиленген орбиталарына жеткендиги айтылат.
Метеорология, балыкчылык, телекоммуникация, карта чыгаруу сыяктуу бөлүмдөрдө маалымат камсыздоо максатын көздөгөн “Түндүк Жылдызы” спутник сериясынын 2020-жылга чейин орбитада 30 спутникке жетип, дагы активдүү жана ар тараптуу жалпы изилдөө кызматын аткаруусу максатталып жатат.

Кытай дүйнөдөгү эң ири учак чыгарууга даярданууда

10-08-2016, 09:27
Кытай дүйнөдөгү эң ири делген амфибия учагынын үлгүсүн көрсөтүп чыкты.
AG600 үлгүсүндөгү бул учак кадимки аба майданынан жана суу бетинен учуп, коно да алат.
Учактын үлгүсү Кытайдын түштүгүндөгү Гуандунда болуп өткөн аземде көрсөтүлдү.
Кытай инженерлеринин айтымында, учак токойдо өрт чыккан учурда же суудан куткаруу үчүн, ошондой эле Түштүк Кытай деңизиндеги алыскы аралдарга жүк жеткирүү үчүн колдонулат.

Кытайда жол тыгынын пайда кылбай, унаалардын үстүнөн өтүүчү автобус даярдалып жатат

8-08-2016, 09:22
Кытайда жол тыгынын пайда кылбай, унаалардын үстүнөн өтүүчү автобус даярдалып, ишке киргени турат Жаз айларында Кытайда бийиктиги 4,6 метр, узундугу 32 метр келген автобустун үлгүсү катуу талкууга алынган. Бул автобус жергиликтүү ишканалардын бири тарабынан даярдалып, 2-августта сыноого коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Маалыматка ылайык, 1200 адамды батырган автобустун өзгөчөлүгү - жол кыймылына жолтоо болбой, унаалардын үстүнөн өтөт. Бул жүргүнчүлөрдүн да көздөгөн жерине кыска убакыт аралыгында жол тыгынында күтпөстөн жетүүсүн шарттайт.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить