Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Женеведе өткөрүлгөн аземде Пэн Лиюань сыйланды

27-01-2017, 11:12
Кургак учук жана СПИДди алдын алуу баюнча Женеведе Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук уюмунун өткөргөн аземинде Пэн Лиюань сылыка татыктуу болду.

Кытайдын Чунцин шаарындагы ооруканалардын биринде Apple продукциялары — iPhone 7 жана iPhone 7 Plus смартфондорун сатып алган медиктер иштен бошоо алдында турат.

30-09-2016, 16:08
Кытайдын Чунцин шаарындагы ооруканалардын биринде Apple продукциялары — iPhone 7 жана iPhone 7 Plus смартфондорун сатып алган медиктер иштен бошоо алдында турат. Бул туурасында РИА Новости cqnews сайтына шилтеме кылып билдирди. Сентябрдын башынан тарта Apple iOS 10 платформасындагы iPhone 7 жана iPhone 7 Plus смартфондорун коомчулукка сунуштаган. 16-сентябардан тарта дүйнөнүн 28 өлкөсүнө: АКШга, Европанын бир катар мамлекеттерине, Кытайга, Сингапурга, Бириккен Араб Эмирлигине жеткире баштаган. Учурда Apple Кытайдын 36 өлкөсүнө адистештирилген дүкөндөрүн ачкан.

"Кытайда профессор болуу кыйын"

29-09-2016, 11:00
Кыргызстандык илимпоз Нурмира Жамангулова 10 жылдан бери Кытайдагы Нанкин университетинде эмгектенет. Айлана-чөйрөнү коргоо багытында изилдөө жүргүзгөн Нурмира бул өлкөгө кандайча барып, профессор деген даражага кантип жеткенин “Азаттыкка” айтып берди.
Нанкин шаарына келгениме быйыл беш, ал эми Нанкин университетинде иштегениме төрт жыл болду. Андан мурда Кытайдын башка шаарында иштегем.

Табигый илимдер боюнча факультетте профессормун. Ошондой эле окуу жай алдындагы университеттер аралык долбоорлор борборунун директорумун.

Албетте калкынын саны миллиардга жеткен Кытайдын Нанкин университетинде профессор болуу чоң жетишкендик. Оңой эмес. Мен бул жогорку илимий даражага АКШнын жараны болсом балким беш-алты жылда жетмекмин. Кыргызстандын жараны болгонум үчүн он жылдай жүрдүм.

Мен буга карандай күч, аракет менен жеттим. Булар сегиз саат иштесе, мен он-он эки саат иштедим.

Кытайга үй-бүлөлүк шартка байланыштуу келгем. Алгач жолдошум иши боюнча бул жакка келди, кийин мен келип, он жылдан бери отурукташып калдык. Жолдошум Голландиянын жараны, психология илимдеринин доктору. Ал да өзүм менен чогуу Нанкин университетинде психология кафедрасында иштейт. Кайми аттуу бир уулубуз бар. Азыр кытай мектебинде 3-класста окуйт.

Cуу аюусунун сырлары чечмеленди

28-09-2016, 12:05
Дүйнөнүн эң чыдамдуу микроскопикалык жаныбары суу аюусунун(tardigrad) сыры чечмеленди.

Жыйынтыктары «Nature Communications» журналында жарыяланды жана Токио университетинен бир топ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, радиацияга, тоңдуруучу суукка жана кайнатылууга чыдаган суу аюусунун, ДНК түзүлүшүн одеял сыяктуу ороп алып коргогон протеин табылды.

Профессор Такеказу Куниеда жана кесиптештеринин «Dsup» деп аталган бул протеинди өндүргөн адам клеткалары өнүктүргөн, курамы өзгөртүлгөн адам клеткаларынын радиацияга дуушар кылган жана «Dsup» протеининин ДНКларды дагы көп зыянга учуроодон сактаганы байкалганын жазган.

Илимпоздор күтүлбөгөн чөйрө шарттарында жашай алган бул организмдин гендеринин, келечекте жашоо түрлөрүнүн радиациядан жана Х нурларынан коргонушу үчүн колдонсо боло турганын белгилешкен.

Суу аюулары туурасында 2015-жылы жасалган бир изилдөө да жаныбарлардын ДНКларынын бир бөлүмүн горизонталдык ген трансфери деп аталган процесс менен бактериялардан алганын көрсөткөн.

Дүйнөдө 800дөн ашуун курамы аныкталган суу аюусунун пародасы бар, айрымдарына дагы эле ат коюла албаганы айтылууда. Суу аюулары жерден жана деңиздин түбүнөн Антарктидадагы муз мөңгүлөргө чейин суусу болгон бардык жерде жашай алат.

17-сентябрда Кытайдын Йичанг шаарынын бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге экинчи балалуу болуу буйругун берген расмий кат жолдогон.

27-09-2016, 10:41
17-сентябрда Кытайдын Йичанг шаарынын бийлиги мамлекеттик кызматкерлерге экинчи балалуу болуу буйругун берген расмий кат жолдогон. Мындай чара шаардагы калктын саны азайып бара жаткандан улам кабыл алынганын Foreign Policy журналы жазды. “Бирден гана балалуу болуу мыйзамы өзгөргөндөн кийин Кытайдын демографиясы кескин өргө жылган жок. Бир гана бала төрөө ушунчалык элдин турмушуна сиңип калгандыктан, мындай жашоону өзгөртүүнү каалагандар аз болууда. Ушундан улам расмий органдар өз кызматкерлерин экинчи наристени төрөөгө мажбурлаган кадамга бармай болушту. Буга окшош көрүнүш жеке эле Кытайда кезикпейт. Жумушка жарамдуу муун кыскаргандан улам Италияда “тукум улоочу күн” деген жыл сайын иш-чара болуп турат. Дания, Түштүк Корея жана Түркияда да ушуга окшош кыймылдар башталган. Түштүк Кореянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2010-жылдан бери “үй-бүлө күндөрүн” уюштуруп, кызматкерлерди иштен бошотуп, үйүнө барып, балалуу болууга чакырат”, – деп белгилейт Foreign Policy.

Кытайлык генетиктер түшүмдүү күрүчтүн уңгусун тапты.

26-09-2016, 16:57
Магниттик талааны нанобалыктын никель денесине багыттаганда куйругу жана башы кыймылдап, козголуп сүзө баштайт. Анын ылдамдыгы жана багыты магнит талаасы менен башкарылат.

Доктор Линин оюнча, нанобалыктарды дарыны кан тамыр менен дененин каалаган бөлүгүнө жеткирүү, хирургиялык кийлигишүүсү жок операция жасоо жана жалгыз клетканы манипуляциялап өзгөртүү үчүн пайдаланса болот.

“Бул укмуштуудай жаңы идея. Дененин паталогиясы бар жайына дары жеткирчү аппараттын иши организмдин транспорт системасы - кан тамырларга негизделген”,-дейт Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс университетинин профессору Жастин Гудинг (Justin Gooding).

Буга чейин жасалган нанороботтордун көбү суу астында жүрчү кеме-субмаринге, куйругу штопорго окшош болгондуктан батпректей айланат.

Доктор Ли башындагы инженерлер азыр өз милдетин аткарган соң, денеге зыян тийгизбей жок болуп кетчү нанороботтун үстүнөн иштешүүдө.

Кытайдын Жаш коммунисттик лигасынын мүчөлөрүн дагы «өз салымын» кошуп, үй-бүлөдө экинчи балалуу болууга чакырды.

23-09-2016, 15:59
Кытайдын Жаш коммунисттик лигасынын мүчөлөрүн дагы «өз салымын» кошуп, үй-бүлөдө экинчи балалуу болууга чакырды.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ичан шаарында демография деңгээли түшүп кеткен. Мисалы, миң адамга 9,2 төрөт катталган, бул көрсөткүч өлкөнүн орточо эсептик көрсөткүчүнөн аздык кылат.Төрөлүү деңгээлинин төмөндөшү элдин картаюусуна алып барат. Мунун кесепетинен шаарларда жумуш мигранттары дагы эч каттабай, экономикалык өсүш төмөндөйт, мындан улам жалпысынан өлкө артка кетери белгилүү. 1970-жылдын аягында Кытай «Бир үй-бүлө — бир бала» саясатын киргизген болчу.

Зика оорусу Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун кыштагында орун алууда.

22-09-2016, 10:35
Зика оорусу Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун кыштагында орун алууда. Буга чейин Гуандун кыштагында Зиканы жуктуруп алгандардын саны онго жеткен. Зика оорусу "ташып келинген" эң биринчиси өткөн аптада Кытайда Хэнань аймагында кездешкен. Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Дүйнөдөгү «жашыл» шаарлардын рейтинги чыкты

21-09-2016, 16:28
Дүйнөнүн эң «жашыл» шаарларынын рейтинги чыгарылды. Рейтинг Arcadis компаниясынын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң «жашыл» шаар деп Швейцариянын Цюрих шаары табылган. Экинчи орунда Сингапурдун аты аталса, үчүнчүдө Швециянын стокгольм шаары турат.

Ошондой эле, Вена (Австрия), Лондон (Улуу Британия), Франкфурт (Германия), Сеул (Корея Республикасы), Гамбург (Германия), Прага (Чехия) жана Мюнхен (Германия) шаарлары да «жашыл шаарлардын алдыңкы ондугуна кирген.

Топ-100 тизмесинин акыркы орундарында Найроби (Кения), Каир (Египет) жана Калькутта (Индия) шаарларын көрүүгө болот. «Жашыл» шаарлар тизмеси алардын экологиялык, экономикалык абалдарын эске алуу менен 32 шарттын негизинде рейтингге коюлган.

Паралимпиаданын жабылышында жарышта каза тапкан спортчуну эскеришти

20-09-2016, 16:47
Рио-де-Жанейродогу Паралимпиаданын жабылыш аземинде кайгылуу окуяда каза тапкан ирандык спортчуну эскеришти. Бахман Голбарнезхад 17-сентябрда жарыш маалында кырсыкка учурап жан берген. Эл аралык Паралимпиада комитетинин төрагасы Филип Крейвен спортчунун аянычтуу өлүмүнөн кийин Паралимпиада кыймылы аза күтүп жатканын белгиледи.

Он бир күнгө созулган мелдештердин жыйынтыгы боюнча эң көп медалды Кытай алды. Кытайлык спортчулар тагынган 239 медалдын 107си алтын. Британия 147 медаль менен экинчи орунду ээледи. Украина 117 медаль утуп, үчүнчү орунга жайгашты. Орусия командасы допинг жаңжалынан улам оюндардан четтетилген.

Кытайда Samsung Galaxy Note 7 смартфонун учактарда алып жүрүүгө тыюу салынды

15-09-2016, 10:15
Кытайда Samsung Galaxy Note 7 смартфонун учактарда алып жүрүүгө тыюу салынды.

20дан ашык авиакомпаниялар киргизген эрежелер коопсуздук максатын көздөйт.

Эске салсак, Galaxy Note 7 кубатталып жатканда анын батареясы жарылып кеткени боюнча учурлар катталган. Анын ортосунда, бул смартфон сентябрда гана сатыкка чыккан.

Андан улам Самсунг компаниясы алгачкы жолу телефондорду артка чакыртып алууга аргасыз болгон.

Кытайда профессор сабакта зеригип отурган студенттерди аныктоого атайын система ойлоп тапты

14-09-2016, 17:22
Кытайда профессор сабакта зеригип отурган студенттерди аныктоого атайын система ойлоп тапты. Программа видео байкоо камералары аркылуу иштейт. Ал бир студенттин эмоцияларын талдап, анын чарчап, же зеригип отурганын каттоого алат.



Система авторунун пикиринде, жаңычылдык студенттерге өтүлүп жаткан сабак программасы канчалык деңгээлде ийгиликтүү түзүлгөндүгүн баамдоого жардам берет.

Samsung Galaxy Note 7 телефонун учакта колдонбоо сунушталды

12-09-2016, 12:47
АКШнын федералдык авиация башкармалыгы Samsung Galaxy Note 7 телефонун аккумуляторундагы маселеден улам учакта колдонуу кооптуу экенин жүргүнчүлөргө эскертти.
Жүргүнчүлөргө учакта телефонду колдонууга жана заряддоого болбойт деген сунуш айтылды.
“Жакында болуп өткөн окуяларга жана Samsung компаниясынын Galaxy Note 7 аппаратына байланыштуу Федералдык авиациялык башкармалык жүргүнчүлөргө телефонду учакта жандырбоо жана заряддабоо сунуш кылынат”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
2-сентябрда Samsung жаңы үлгүдөгү Galaxy Note 7 телефонун айрым ээрип кеткен жана заряддоо учурунда жарылып кеткен учурларга байланыштуу сатууну токтотту. Ал августта эле чыккан болчу.
Компания ошондой эле сатылган 2,5 млн телефонду кайтарып алаарын жарыялаган.
Сатылган бир миллион Galaxy Note 7 аппаратынынын ичинен 24ү ээрип кеткен. Жалпысынан 35 смартфондун аккумуляторунда маселе чыккан.
Австралиялык Qantas, Jetstar, Virgin Australia, Tiger Airways авиакомпаниялары жүргүнчүлөргө Galaxy Note 7 телефонун колдонууга буга чейин эле тыюу салган болчу.

Кытай кызы Шу Синь дүйнөдөгү эң сулуу жан сакчылардын катарын толуктады

9-09-2016, 09:35
Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондукка чыгаруучу армиясынын жоокер кызы Шу Синь социалдык тармактардагы колдонуучулардын жүрөгүн өзүнүн сулуу жүзү, келбети менен багындырып алган. Ал 4-5-сентябрь күндөрү аталган өлкөдө болуп өткөн саммитте жан сакчы болуп иштеген. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы кытайлык басылмаларга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Сулуу жан сакчынын дарегине "дүйнөдөгү эң сүйкүмдүү жан сакчы", "теңдеши жок сулуу" деген мактоолор айтылган. Ошондой эле колдонуучулар "мындай жан сакчы менен баш кошкон адам кечинде үйүнө жарыгы жок көчө аркылуу келгенден коркпойт" деген ойлорду айтышкан. Шу Синдин саммит учурунда италиялык премьер-министр Маттео Ренцинин унаасынын жанында турган сүрөтү журналисттер тарабынан интернетке чыккан соң мекендештеринин көңүлүн өзүнө бурган.

Маалыматтарга караганда, Шу 2013-жылы Кытай армиясындагы эң сулуу 10 аялдын катарына кирген. Аскер кызматындагы сулуунун жашы канчада экени так айтылбайт. Ал бош убактысында бийлеп, ырдаганды жакшы көрөт.

Белгилей кетсек, саммит ушул жылдын 4-5-сентябрында Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн. Анда негизги тема дүйнөдө инновациялык экономиканы куруу болгон.

Кытайда айым курсактагы баланы 17 айдан бери көтөрүп келе жатат

8-09-2016, 15:38
Кытайда айым курсактагы баланы 17 айдан бери көтөрүп келе жатат.

Хунань провинциясынын жашоочусу былтыр февралда кош бойлуу экенин билген. Ошентип, ал ноябрда көз жарышы керек болчу. Бирок андан бери аялдын абалы өзгөрө элек.

Дарыгерлер муну түшүндүрө албай жатат, бирок эненин ден-соолугуна коркунуч жок экенине ишендирүүдө.

Курсактагы баланын салмагы азыр 3,8 килограммга теңелди.

Буга чейинки рекорд 13 ай баласын көтөргөн энеге таандык болчу.

Кытайлык миллиардер 325 миллион долларга Boeing Dreamliner сатып алды

6-09-2016, 11:40
Аты-жөнүн көпчүлүккө жарыя кылгысы келбеген кытайлык миллиардер өзүнүн муктаждыгы, тагыраагы жеке иштери менен ары-бери катташ үчүн 325 миллион долларга Boeing Dreamliner сатып алды. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын эл аралык радиосуна шилтеме кылып билдирди.
Радионун маалыматына таянсак, акчанын жалпы суммасынын 100 миллион доллары учакка кардар керек деген жабдууларын орнотууга кеткен.
Dreamliner аба кемесинин узундугу 60 метрге жакын, ал Boeing учактарынын акыркы үлгүлөрүнөн, ичине 250-330 жүргүнчү батат. Аба лайнерин толугу менен Kestrel Airlines авиакомпаниясы жабдып чыккан. Анын ичиндеги эмеректер атайын буюртма менен өзгөчө материалдан жасалган. Салондун аянты 200 чарчы метр, ичинде коноктор үчүн бөлмө, ашкана, тамак ичкен жай, уктай турган кенен жери жана медиктин кабинети бар.

Жер планетасындагы эң кары адам көз жумду

5-09-2016, 09:37
Кытайдын Чэнду шаарында 120 жаштагы жер планетасынын эң кары адамы Фу Суцин каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. Агенттиктин маалыматына караганда кары аял ишемби күнү эртең менен саат 8.25 чамасында өзүнүн үйүндө каза болгон. Фу Суцин 21-августта 119 жашын белгилеген. Анын 70ге чукул небере, чөбүрө, чеберелери бар.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазган маалыматына караганда Фу Суцин 21-августта эмес 1897-жылдын 18 же 19-июлунда төрөлгөн. Carry the Flag World Records уюму 2013-жылы Суцинди жер планетасынын эң кары адамы катары тааныган. Бирок башка уюмдар үн каткан эмес. Гиннес рекорддор китебинде эң картаң адам катары Сузанна Мушатт Жонс катталган. Ал 1899-жылы АКШнын Алабама штатында төрөлгөн. Ал 2015-жылдын 13-майында 117ге толгон курагында Нью-Йоркто каза болгон.

Гиннес рекорддор китебине эң кары адам катары расмий катталган

Кытай суу алдына 5,7 чакырымга чейин түшө турган роботту сынады

2-09-2016, 13:24
Кытай "Хайи-7000" (Haiyi-7000) деп аталган аппарат – 5751 метр тереңдикке түшө ала турган суу алдында жүрүүчү роботту сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости South China Morning Post басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

АКШ, Россия жана Кытай өзөктүк куралданууда жарышып жатат Гезиттин маалыматына караганда, Мариан кобулунун районунда "Таньсо-1" (Tansuo-1) деп аталган сүзүп жүрүүчү экспедициянын базасында жасалган. Долбоордун илимий кызматкерлеринин бири Юй Цзяньчэн азырынча тереңге кирүүдөн карманып тургандыгын айтты. Профессор Кытайдын бошотуучу армиясын бул техника кызыктырышы мүмкүн экендигин белгилеп, аппараттын артыкчылыктарына токтолду. "Хайи-7000" океандын ой-чуңкурунун картасын түзүп, суу кемелеринин кооптуу деген жерлерге кирип кетүүдөн сактайт", — деди Юй Цзяньчэн. Ал эми дүйнө боюнча эң тереңге түшө турган түзүлүш — америкалык Seaglider деп аталган суу алдында жүрүүчү робот саналат. Ал 6000 метр тереңдикке чейин түшүп, эркин сүзүп жүрө алат.


{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить