Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Кытай дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издөө үчүн Австралияга муз жаргыч кеме жөнөттү

22-03-2014, 12:02
Кытай дайынсыз жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагын издөө үчүн Австралияга 3 кеме жана 1 муз жаргыч кеме (ледокол) жөнөттү.
Буга 20-мартта Австралиянын аскерлери тарабынан спутниктик көзөмөлдөөдөн Инд океанынын үстүндө сүзүп жүргөн эки нерсени көрүшкөнү себеп болгон. Алар жоголгон учакка тиешеси болушу мүмкүн экендигин божомолдошууда. Бул тууралуу бүгүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эске салсак, Австралиянын премьер-министри жоголгон учакка тиешелүү калдыктар табылгандыгы тууралуу божомолдорду айткан.
8-мартта Малайзиядан Кытайга учуп баратканда жоголуп кеткен учак бүгүнкү күнгө чейин изделип, жыйынтык чыкпай келет. Издөө иштерине 30га жакын мамлекет тартылган.

Кытайда дайым балдарга даары берген бала бакчада жаңжал.

18-03-2014, 20:08
Шеньси провинциясынын Сиань шаарындагы жеке балдар бакчасынын жетекчисине нараазы 100 баланын энелери эмне себептен даары бергендиги жөнүндө түшүндүрмө берүүсүн айтты. Бул тууралуу Shaanxi TV телеканалынын маалымдады.
Азыркы учурда милиция жергиликтүү билим берүү департаменттин өкүлдөрү, оорууну көзөмөлдөө жана даарылоо башкармалыгы менен изилдөө жүргүзүүдө.
Балдарга дайыма даарылар ата-энесинин уруксатсыз берилип келген. Даарыны жакшы максатта иммунитетин көтөрүү системасында берилгенин бакчанын администратору баамдады. Ошол эле мезгилде балдар ар кандай ооруларга чалдыккан.

Малайзиянын жоголгон учагын издөөгө 25 өлкө тартылды

17-03-2014, 12:26
Малайзия бийлигинин билдирүүсүнө караганда, алар 239 кишиси менен жоголгон учакты издөөгө жардам сурап Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөргө кайрылды. Полиция учактын эки учкучунун үйүн тинтүү жүргүздү. Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган маалыматка таянып, учактын байланыш системасы толук өчүрүлгөндөн кийин ал дагы жети саат асманда болгонун кабарлаган. Муну менен премьер “учактын байланыш системасын кимдир бирөө атайлап өчүргөн” деген божомолун билдирген болчу.

Малайзия. Дайынсыз жоголгон учактагы жүргүнчүлөрдүн туугандары нааразычылык акциясына чыгышты

15-03-2014, 16:04
Бээжинде жоголуп кеткен “Боинг” учагынын жүргүнчүлөрүнүн туугандары Кытай бийлигине жана Малайзия авиакомпаниясынын иштерине нааразы экенин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын бийлиги жүргүнчүлөрдүн туугандарын аэропортко жакын жердеги отелге жайгаштырууга жана издөө иштери боюнча маалымат берип турууга убада берип, бирок аны аткарбай жаткандарына нааразы экендиктерин билдиришкен.
"Мен азыр бул тууралуу башкы катчы Си менен сүйлөшкүм келип жатат. Менин жолдошум жоголгон учакта болчу. Балам күндө "Атам кана?" деп сурап жүрөгүмдү эзүүдө. Мен эмне кылышым керек? Бийлик бизди колдоого алса болмок" деген оюн билдирген жолдошун күтүп жаткан кытайлык келин.
Ошондой эле алар Малайзия авиакаттамын сотко бере тургандыктарын кошумчалашкан.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Анда 14 өлкөнүн жарандары болгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндө аны менен болгон байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы жана артты карай, батышка бурулганы көрүнгөн. Кызыгы, жүргүнчүлөрдүн телефонуна коңгуроо кетүүдө, бирок эч кандай жооп боло элек.
Учурда учакты издөө иштери Индия океанында жүрүп жатканын чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда.

Кытайда базардагы бычакташууда алты адам өлдү

15-03-2014, 13:32
14-мартта Кытайдын түштүк-чыгышында жайгашкан Хунан провинциясындагы Чанша шаарынын базарында күркөнүн ээси соодагер менен тартыша кетип, ага жана төрт жолоочуга бычак урган. Жолоочулардын экөө ошол жерден жан берген, калган экөө ооруканада көз жумган. Канкор соодагерди полиция атып өлтүргөнү маалымдалды.

Эки аптадай мурда Кытайдын түштүгүндөгү Юннан провинциясынын Кунмин шаарында бычак менен куралданган адамдардын тобу темир жол вокзалында тополоң салып, 29 адамды бычактап салган. Кытай бийлиги 29 адамдын өлүмү үчүн Синзян-Уйгур автоном районундагы уйгур жикчилерин күнөөлөгөн.

Кытай тоннелде каза тапкандардын саны эки эсе көп экенин билдирди

13-03-2014, 18:50
Кытай бийлиги ушул айдын башында тоннелде болгон жардыруудан каза тапкандардын саны мурда айтылгандан эки эсе көп деп билдирди. "Синхуа" агенттиги кабарлаганына караганда, 1-мартта суюк метанол ташып бараткан унаа көмүр тарткан машине менен сүзүшкөндө 31 киши өлгөн, 9 киши дайынсыз жоголууда. Буга чейин 13 кишинин өлүмү тууралуу айтылып келген. Бирок сандардагы айырмачылыктын себеби түшүндүрүлгөн жок.

Жоголгон учак боюнча маалымат тастыкталган жок

13-03-2014, 18:47
Малайзия жана Вьетнамдын жарандык авиация өкүлдөрү 8-мартта дайынсыз жоголгон учактын сыныктары табылды деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирүүдө. Кечээ кытайлык спутник тарткан сүрөттөргө Түштүк Кытай деңизинде чоң-чоң нерселер калкып жүргөнү тартылып калганы кабарланган болчу.

Бортунда 239 адам бар малайзиялык “Боинг” Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки саат өткөндөн кийин жоголгон.

Боингди издөө: Кытай сыныктардын сүрөтүн жарыялады.

13-03-2014, 17:02
Кытай өкмөтүнүн сайты өткөн аптада жоголгон Боингдин сыныктары болушу мүмкүн деп божомолдонгон сыныктардын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады.
Сүрөттө Түштүк-Кытай деңизинде калкып жүргөн чоң сыныктар тартылган. Бул сыяктуу сүрөттөр мындан мурда дагы тартылып, бирок жоголгон Боинг учагына тиешеси жок болуп чыккан.
Вьетнамдын аба күчтөрү соңку сүрөттөр тартылган аймакта издөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетти.
Азиядагы ири авиакомпаниялардын бири Malaysia Airlines иштетип жаткан Boeing 777-200 учагы Куала-Лумпурдагы аба майданынан ишембиде түнкү саат 0:41 Пекинди көздөй учуп чыккан болчу. Ошондон эки саат өткөндөн кийин учак радарлардын экранынан жоголуп кеткен.
Ошол учурда ал Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн, Вьетнамдын аба мейкиндигинде учуп бараткан эле. Учак кырсык тооруганы же борттогу бузулуштар жөнүндө эч кандай белги берген эмес.
Учактын бортунда 239 киши, анын ичинде 227 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөлөрү болгон.

Малайзиялык учак Андаман деңизинен изделүүдө

13-03-2014, 16:55
8-мартта жоголгон бортунда 239 адам бар малайзиялык авиалайнер Андаман деңизинин түштүк тарабынан изделүүдө. Алгач издөө иштери бул жерден жүздөгөн чакырым түндүк-батыш тарапта жүргүзүлүп жаткан болчу.

"Рейтер" агенттиги Малайзия армиясынын аты аталбан офицерине шилтеп, аскерий чөйрө “Боинг” артка бурулуп, анан бийиктигин кескин төмөндөтүп, 500 чакырымдай учуп барып, акыркы жолу байланышка чыккан деген ишенимде экенин маалымдады.

Учак Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккандан эки саат өткөндөн кийин жоголгон.

Кытай Малайзияны «Боингди» издөөнү активдештирүүгө чакырууда

11-03-2014, 12:49
Кытай Малайзияны жекшембиде жоголгон учакты издөө иштерин активдештирүүгө чакырууда. Malaysia Airlines компаниясына таандык, тагдыры табышмак болуп жаткан учактын бортундагы 239 жүргүнчүнүн көбү кытай жарандары болчу.
Малайзиянын бийликтери издөө иштеринин географиясын кеңейтип жатканын билдирди. Тогуз өлкөнүн куткаруучулары Малакск кысыгынан тартып Түштүк-Кытай деңизине чейин учак кыйраган жерди издеп жатышат.
Азиядагы ири авиакомпаниялардын бири Malaysia Airlines иштетип жаткан Boeing 777-200 учагы Куала-Лумпурдагы аба майданынан ишембиде түнкү саат 0:41 Пекинди көздөй учуп чыккан болчу. Ошондон эки саат өткөндөн кийин учак радарлардын экранынан жоголуп кеткен.
Ошол учурда ал Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн, Вьетнамдын аба мейкиндигинде учуп бараткан эле. Учак кырсык тооруганы же борттогу бузулуштар жөнүндө эч кандай белги берген эмес.
Жекшембиде вьетнам бийликтери өлкөнүн түштүгүндөгү деңизден учактын калдыктарына окшогон эки чоң нерсе табылганын билдирди.
Караңгы кирип кеткендиктен учкучтар бул объектилерди даана көрө алышкан эмес. Ошол себептүү вьетнам бийликтери бул табылган нерселер жоголгон учакка таандык болбой калышы да мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Малайзиянын бийликтеринин жекшембиде билдирген маалыматына караганда, "Боинг" радарлардын экранынан жоголордун алдында учуп чыккан аба майданына карай бурулган экен. Бул окуяны ого бетер табышмактуу кылууда.
Кырсыктын кесепети кайгылуу болушу мүмкүндүгү тууралуу жоголгон учактагы жүргүнчүлөрдүн туугандарына айтылды.

Дайынсыз учактыкы делген калдыктар деңизде көрүндү

10-03-2014, 12:57
Вьетнамдын Жарандык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, аталган өлкөнүн деңиз аскер күчтөрү “деңизде табылган калдыктар малайзиялык учактыкы болушу мүмкүн”, - деген кабар таратты.

Издөө иштери караңгыда жүргөндүктөн, деңиз жээгинде көрүнгөн нерселер жоголгон учактыкы дегенге азырынча кепилдик жок экени да айтылууда.
8-март күнү Малайзия аба жолдорунун "Боинг–777-200" самолёту 239 жүргүнчү менен Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар алган учурда дайынсыз жоголгон.
Кытайга учуп бараткан самолёт болжол менен Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңизде көздөн кайым болгон.

Малайзия бийликтери издөө иштеринде түрдүү өлкөлөрдөн 40 кеме жана 34 учак катышып жатканын айтты.

Ал ортодо тергөөчүлөр видеокөзөмөл жаздырууларды текшере баштады. Дайынсыз учактын эки жүргүнчүсү уурдалган европалык паспорт менен самолётко отурушканы маалым болду.

Кытайда аскер тик учагы айдоо талаасына кулап түштү.

9-03-2014, 15:36
Кытай армиясынын эсебиндеги WZ-10 тибиндеги аскер тик учагы, 4 мартта Шэньси провинциясында аварияга учурап, айдоо талаага кулап түшкөн.

239 адамы бар малайзиялык авиалайнер изделүүдө

9-03-2014, 14:55
Малайзия авиакомпаниясынын учагын издөө улантылууда. Ичинде 239 адамы бар “Боинг 777-200” авиалайнер Түштүк Кытай деңизинин үстүндө баратып, каттамдарды көзөмөлдөөчү кызматтын мониторуна көрүнбөй калган.

Вьетнамдын аба күчтөрүнүн учактары “Боинг” жоголгон тушта деңизден күйүүчү майдын эки чоң изин көргөнүн кабарлашты. Муну эксперттер учак авария болгонунун биринчи белгиси катары баалашууда. Куала-Лумпурдан Бээжинге бараткан учак абага көтөрүлгөндөн эки сааттан өткөндөн кийин жоголгон. Вьетнамдын маалымат булактары 8-мартта эртең менен авиалайнер Вьетнамдын жээгине кулаганын маалымдашты. Кытай учакты издөөгө көмөктөшүү үчүн эки кемесин жөнөттү. Малайзиянын өкмөт башчысы Нажиб Разак АКШда авиалайнерди издегенге кемелерин жөнөтүүгө макулдук бергенин билдирди.

Малазиянын аба жолдор компаниясынын кабарлашынча, 1981-жылдан бери пайдалануудагы “Боингдин” капитаны өтө тажрыйбалуу учкуч экен.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрүнүн көбү Кытайдын жарандары жана учакта бардыгы 14 өлкөнүн букаралары бараткан.

Авиакырсыкка учураган малайзиялык учак изделүүдө

9-03-2014, 14:54
Түштүк Кытай деңизинин үстүндө жоголуп кеткен “Боинг 777-200" учагынын ичинде 239 адам бар. Жүргүнчүлөр 14 өлкөдөн, алардын көпчүлүгү Кытайдын жарандары экени маалымдалууда. Вьетнамдын деңиз флотунун билдиришинче, авиалайнер Вьетнамдын жээгине кулаган. Кытай учакты издөөгө көмөктөшүү үчүн эки кемесин жөнөттү. Малайзиянын аба жолдор компаниясынын билдиришинче, учакты тажрыйбалуу пилоттор башкарып бараткан жана “Боинг” 1981-жылдан бери пайдаланууда болгон.

Атамбаев Кытайдагы терактка байланыштуу көңүл айтты

4-03-2014, 17:09
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге жана жакындарынан ажыраган кытайлыктарга Куньмин шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты.

1-мартта Куньмин шаарында колуна бычак алган белгисиз бирөөлөр адамдарды туш келди сая баштаган. Расмий маалыматка караганда, бул окуяда кеминде 29 киши каза тапты, 130дайы жарадар болду. Кытай бийлиги темир жол вокзалында болгон кандуу окуя үчүн Шин-Жаңдын жикчилерин айыптоодо.

Крымдагы окуяларды Орусия жана Кытай талкуулады

4-03-2014, 17:06
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украин кризисин кытайлык коллегасы Ван И менен телефондон талкуулады. Орусия тараптын маалымдашынча, баарлашууда эки жактын көз карашы Украинадагы бийлик алмашуу боюнча "бир кыйла окшош" экени жана БУУда вето укугуна ээ эки өлкө Украин маселесинде тыгыз байланышта болору белгиленген. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цзин Ган 3-мартта Бээжиндеги маалымат жыйынында:

- Биз Украинадагы окуялардын тарыхый себептерин жана бүгүнкү реалдуулуктун татаалдыгын түшүнөбүз. Мен кечээ айткандай, бул көз караштан алганда, окуялардын жүйөөсү ушундай. Биз бардык тараптар саясый чечимди диалог жана консультация аркылуу таба алат, кырдаалды мындан ары курчутпайт, региондогу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн чогуу иштешет деп үмүт кылабыз, - деп билдирди.

Жапония Украиндагы кырдаалга “чочулоосун жана кооптонгонун” билдирди. Орусиялык аскерлердин Крымдагы кадамдары “региондогу чыңалууну күчөтөт, эл аралык тынчтыкка жана туруктуулукка зыян келтирет,”-деп айтылат Жапониянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кытайдагы кандуу окуяда 29 киши каза тапты

3-03-2014, 17:02
Кытай бийликтери темир жол вокзалында болгон кандуу окуя үчүн Шин-Жандын жикчилерин айыпташууда. Кечээ Куньмин шаарынын станциясында бычактар менен куралданган кишилер айланадагыларды туш келди сая башташкан. Расмий маалыматка ылайык, бул окуяда кеминде 29 киши каза тапты, 130дайы жарадар болду.

Мамлекеттик Синхуа агенттиги кол салуу үчүн шектүү 4 киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бийлик окуяны Шиң-Жан Уйгур автономиялуу аймагынын жикчилери уюштурган теракт деп сыпаттоодо. Кытайдын президенти Си Цзинпин коопсуздук органдарын кандуу окуяны иликтөөгө бар аракеттерин жумшоого чакырды.

Кытайдын көпчүлүк бөлүгүн ыш каптады

25-02-2014, 20:01
Кытайдын чоң бөлүгүн алты күндөн бери калың ыш каптоодо. 25-февралда Бээжинде бир чарчы метр жерге 444 микрограмм ыш түшкөн. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун орточо нормасынан 16 эсе көп. Саламаттык уюмунун коопсуздук нормасы боюнча, 1 чарчы метрге түшкөн ыштын көлөмү 25 микрограммдан ашпоо керек. Зыян газдардын бөлүнүүсүн азайтуу үчүн Кытай бийлиги шаардагы 147 ишкананы жапкан болчу. Коомчулуктун тынчсыздануусун басаңдатуу үчүн 25-февралда президент Си Цзинпиндин Бээжиндеги популярдуу ресторандардын бирине беткапсыз бараткан фотосүрөтү жарыяланды. Кытайдын чыгышындагы Хэбэй провинциясынын борбору Шицзячжуан шаарынын жашоочусу абанын ашыкча булгануусуна жол берип, жарандардын ден соолугуна зыян келтирди деп өкмөттү сотко берди. Буга чейин Кытай жарандары абанын булгануусуна байланыштуу өкмөттү сотко берген учур болгон эмес.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить