Кыргызский язык   Русский язык   Китайский язык     bg-login img-registrРегистрация


Кытай элчилигиндеги террактка шектелип, издөөгө салынган экинчи адам өзүнүн тийиштүү эместигин билдирүүдө.

22-09-2016, 10:34
Кытай элчилигиндеги террактка шектелип, издөөгө салынган экинчи адам өзүнүн тийиштүү эместигин билдирүүдө.
Бурханиддин Жантөроев социалдык тармакта билдиргендей, ал эч жерге качкан эмес жана акыркы 6 жыл бою Түркияда жашап келет. Анын сот жактоочусу кыргыз элчилиги менен байланышып, тиешелүү документтерди тапшырды.
Эске салсак, ушундай эле билдирүү менен Мубарак Тургабаев чыккан. Ал дагы азыр Түркияда.
Бишкектеги Кытай элчилигинде терракт 30-августта болгон. Жан кечти унаа менен дарбазаны сүзүп, жарылып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кытайды бушайман кылган бороон-чапкын "Меранти" тайфуну Кытайдын бир эле провинциясын 2 миллиард 500 миллион доллардык чыгымга учуратты.

21-09-2016, 16:20
Кытайды бушайман кылган бороон-чапкын "Меранти" тайфуну Кытайдын бир эле провинциясын 2 миллиард 500 миллион доллардык чыгымга учуратты. «Меранти» тайфунунда 28 киши каза болду. Фужиен провинциясында 18 киши каза болду. 11 киши да жоголгон аймакта 18300 үй зыянга учурады, түздөн-түз экономикалык жоготуу да 2 миллирд 500 миллион долларга жетти. Жыжианг провинциясында болсо каза болгондордун саны 10го жетсе, шамал жана нөшөрлөп жааган жамыгрда жоголгон төрт кишиден дагы эле кабар алына элек. Тайванда бейшемби күнү бир кишинин жанын алып, 50дөн ашуун кишини жабыркатып кеткен тайфун, жума күнү Кытайдын түштүк чыгышында таасирдүү боло баштады. Меранти тайфунунан кийин Тайвандын чыгыш жээктерин уруп өткөн экинчи тайфун толкуну «Малакас» болсо Кытайдын түштүк чыгышындагы Фужиен жана Жыжианг провинцияларына таасирин тийгизе турганы күтүлүүдө. Ылдамдыгы саатына 198 км жеткен Малакас тайфунунун себебинен кечээ Тайвандын борбор калаасы Таипейде мектеп жана ишканалар эс алууга чыгарылды, аймактагы 183 учак сапары болсо жоюлду. Кытайдын чыгышындагы айрым провинцияларда болсо экинчи тайфун толкунуна каршы даярдык сары-кызгылт түсү менен белгиленди.

Кытайда көпүрө кыйрап, көп адамдын өмүрүн алды

19-09-2016, 09:36
Кытайдын чыгышында көпүрө кыйрап, көп сандаган унаалар аны менен кошо кулап кетти. Ошондой эле курман болгон адамдардын саны дагы деле белгисиз. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу РИА агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, көпүрөнү оңдоп түзөөдөн өткөрүп жатышкан. Жыйынтыгында белгисиз себептерден жол көпүрө кулап, үч трактор жана жумушчулар көпүрөнүн астында калган.

Кытайда авиашоу учурунда учак жарылып кетти

16-09-2016, 15:40
Кытайда авиашоу учурунда учак жарылып кеткен, андан жабыр тарткандар боюнча маалыматтар түшө элек. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып кабарлады.
Агенттиктин билдиргенине караганда, кырсык Хэбэй провинциясындагы Шицзячжуан шаарында болгон. Учактын эмнеден улам кулап кеткендигинин себептери жана андан жабыр тарткандар туурасында маалымат бериле элек.

Кытайда май айынан бери Интернеттеги кылмыштуулук үчүн 3,4 миң киши кармалган

15-09-2016, 10:13

Кытайдын полициясы май айынан бери Интернеттеги кылмыштуулук үчүн 3,4 миң кишини кармаганын РИА Новости агенттиги Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигине таянуу менен билдирди.
Мындай текшерүүнүн алкагында укук коргоо органдары Интернеттеги мыйзамсыз делген 122 миң билдирүүнү өчүрүп, түрдүү ресурстардагы 23 миң аккуантту жапкан. Соттун чечими менен 4207 сайт жазаланган. Буга чейин Кытайдан Коомдук коопсуздук министри алдамчылар тарабынан телекоммуникация тармагында колдонулуп келген маалыматтарды жайылткандарды жазалай турганы боюнча кампания башталганын билдирген. Кытай дүйнөдө Интернетти эң көп колдонгон мамлекеттердин катарында турат.

Кытайда билим алып жаткан 300гө жакын кыргызстандыктар виза ала албай, мекенине кайта албай жатат

14-09-2016, 17:21
Кытайда билим алып жаткан 300гө жакын кыргызстандыктар виза ала албай, мекенине кайта албай жатат.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов маалымдады.

Кытайлык элчилик мындай кырдаалды документтер басылуучу жабдуу терракттан улам жабыркаганы менен түшүндүрүүдө. Бул багытта сүйлөшүүлөр уланууда.

Эске салсак, 30-августта Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан Кытай элчилигинде терракт болгон. Тез ылдамдыкта келе жаткан унаа имараттын дарбазасын сүзө кирип, жарылган.

Айдоочу жок болуп, үч жай адам анча олуттуу эмес жарааттарды алган.

Орусия менен Кытайдын биргелешкен аскерий машыгуусу башталды

13-09-2016, 09:33
Орусия менен Кытай биргелешкен аскерий-деңиз машыгуусун баштады. "Тынчтык кызматташтыгы-2016" деп аталган машыгуу сегиз күн уланарын Кытайдын аскерий-деңиз мекемесинин маалымат катчысы Лян Ян билдирди.

Эки өлкөнүн аскерлери Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдардын бирин басып алуу сценарийи боюнча машыгууда. Аталган аймакта Кытайдын кошуналар менен талаш райондору бар.

Машыгууга кемелер, суунун алдында сүзүүчү кайыктар, учактар, амфибия унаалары, бронетехника жана жөө аскерлер тартылууда.

Бул аймакта АКШнын жана анын союздаштарынын аракети күчөшүнө каршы болгон Москва менен Пекин бул сыяктуу иш-чараларын соңку жылдары көп өткөрө баштады.

Кытай Түштүк-Кытай деңизин толугу бойдон өзүнүкү деп жарыялап, ал жакта аскерий инфраструктурасы өнүккөн жасалма аралдарды курууда. Ал эми эл аралык деңиз жолдорунун ачык болушун талап кылган АКШ бул аймакка бир нече жолу өзүнүн аскерий кемелерин жөнөткөн болчу.

Пхеньян: дүйнөнү дүрбөткөн бешинчи сыноо

12-09-2016, 12:34
Бир катар өлкөлөр Түндүк Кореянын ядролук сыноосун айыпташты. Пхеньян буга чейин төрт сыноо өткөрүп, БУУнун коопсуздук кеңешинин жазалоочу чараларына кабылган эле.
Мамлекеттик маалымат каражаттары 9-сентябрда жаңыланган атомдук бомбаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.

Анын алдында аймакта күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк катталган. Пхеньян ушул эле жерде буга чейин төрт сыноо өткөргөн. Расмий Сеул бул - кошуна өлкө жүргүзгөн сыноолордун эң кубаттуусу болгонун билдирди.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе ядролук куралды сыноо Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно бузарын, бул кадам Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкциялардын күчөтүлүшүнө, өлкөнүн мындан аркы изоляциясына алып келерин эскертти.

Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип кармалгандар тергөө бүткөнчө камакта болушат

9-09-2016, 10:07
Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип кармалгандар тергөө бүткөнчө камакта болушат.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, жардырууга шектелип кармалгандар тергөө бүткөнчө камакта болушат.

Айта кетсек, кечээ УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана аны уюштургандардын атын атап, кылмышка шектүү катары 5 адам кармалганын билдирген.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат.

8-09-2016, 15:26
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат.
Кытай тараптын демилгеси менен 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин “Иркештам автожолу” жана 15-сентябрда “Торугарт автожолу” өткөрүү түйүндөрү убактылуу жабылат. Бул Кыргызстандагы Курман Айт майрамы, Кытайдагы Ай майрамы белгиленгедигине байланыштуу.

Кытай аскердик машыгуу өткөрдү

7-09-2016, 16:12
Кытай деңиз флоту Япон деңизине жакын жерде бир айдын ичиндеги экинчи аскердик машыгуусун өткөрүүдө. Машыгууга согуштук кемелер менен күйүүчү май куючу кемелер катышууда. Машыгуу менен Кытай деңиз флотунун согуштук жөндөмдүүлүгүнүн өнүктүрүлүшү максат кылынууда. Кытай деңиз флоту мурунку жумада да Япония менен эгемендик талаш – тартышын жашаган Чыгыш Кытай деңизинде аскердик машыгуу өткөргөн болчу. Пекин башкаруусу өткөргөн аскердик машыгуулардын кандайдыр бир өлкөнү бутага албаган кезектеги машыгуулар экендигин жактоодо. Япон жетекчилер болсо Кытайдын талаш – тартыштуу Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизинде акыркы мезгилде күч алган иштеринен катуу тынчсызданып жатышкандыгын белгилешти.

Президент Эрдогандан күтүлбөгөн белек!

6-09-2016, 17:26
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Кытайдагы Чоң жыйырмалыктын саммитинде мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине түркчө жана англис тилинде даярдалган «G-20 Анталья саммити» китебин белек кылды.

Президент Эрдоган ошондой эле лидерлердин ар бирине Фетуллахчы террор уюмунун 15-июль төңкөрүш аракетине байланыштуу көрүнүштөр орун алган пакет таратты.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде 2015-жылы өткөрүлгөн саммитте экономикалык маселелер менен катар терроризмге каршы күрөшүү жана баш калкалоочулар маселеси каралган болчу.

Чет элдик лидерлерге белек кылынган 360 беттик китепте саммиттин декларациялары менен катар катышуучу өлкөлөр жана Анталья жөнүндөгү маалыматтар менен фотосүрөттөр бар.

Президент Эрдоган Кытайда жолугушкан чет элдик лидерлерге ФЕТӨ/ПЙДнин 15-июлдагы төңкөрүш аракети менен уюм тууралуу маалымат жана көрүштөрдү камтыган пакет берди.

ФЕТӨ/ПЙДнин 15-июль процесси жөнүндө дезинформация аракеттерине каршы даярдалган пакетте төңкөрүшчүлөрдүн кылмыштарын көрсөткөн фотосүрөт жана көрүнүштөр, ошондой эле хронологиялык маалыматтар бар.

Кытай менен АКШ климат боюнча Париж келишимин ратификациялады

5-09-2016, 09:26
Ханчжоу шаарындагы салтанатта АКШ президенти Барак Обама менен Кытайдын башчысы Си Цзиньпин ратификациялаган документтер расмий түрдө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга тапшырылды. Обама “Париж келишимине кошулуу менен биз климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү милдетин бөлүшөбүз” деди.

Париж келишимине ылайык, ага кол койгон ар бир өлкө атмосферага глобалдык жылуулуктун негизги себеби болуп жаткан көмүртекти бөлүүнү азайтууга милдеттүү. Ошондой эле 2020-жылдан тарта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн көмүртекти азайтуусуна жыл сайын 100 млрд доллар бөлүнөт.

Келишим ишке кириши үчүн аны абага бөлүнгөн көмүртеги дүйнөлүк көлөмдүн 55% түзгөн кеминде 55 өлкө ратификациялашы керек.

Париж келишими өткөн жылы 30-ноябрда Париж шаарындагы климаттык өзгөрүүгө каршы саммитте кабыл алынган. Быйыл апрель айында ага 175 өлкө кол койгон. Келишимге кол койгон өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан жок.

Ислам Каримовдун сөөгү эртең Самаркандда коюлушу айтылууда

2-09-2016, 11:49
Ислам Каримовдун сөөгү эртең Самаркандда коюлушу айтылууда

Өзбекстан президентинин сөөгүн жерге тапшыруу зыйнаты эртең Самарканд шаарында өтөт. Анын урматына бүгүн түнү көчөлөрдө тазалап-иреттөө жумуштары жүрүп жатат. Күтүлгөндөй, бүгүн Ислам Каримовдун кайтыш болгонун расмий кабарланды. Бул жерде анын энеси жана бир туугандары коюлган.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагындагы жардырууну кылдат иликтөөнү тапшырды

1-09-2016, 16:52
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 30-августунда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин аймагындагы жардыруу боюнча кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү тууралуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын укту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министри Кашкар Джунушалиевге бул окуя боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго КЭР элчилигинин аймагындагы жардырууну иликтөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды.
Андан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөткө жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине борбор шаарда жана региондордо террорго каршы чараларды актидештирүүнү, анын ичинде маанилүү объектилерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарууну күчөтүүнү, ошондой эле өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгынын жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чараларга байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Кытайдагы өрттөн 7 адам өлдү

31-08-2016, 14:31
Кытайдын Гуандун провинциясынын Шэньчжэнь шаарынын Баоань районундагы үйлөрдүн бириндеги өрттөн 7 адам өлдү. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.
Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Окуя түндө болгон. Учурда өрт өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби иликтенүүдө.

Кытайдын Бишкектеги элчилигинде жардыруу болду.

30-08-2016, 11:30
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги бүгүнкү жарылуу имараттын ичинде болгон деген маалымат бар. Азыр бул районду милиция курчап турат. Тактала элек маалыматтар боюнча, элчиликтин батыш тарабындагы дарбазасында машине жарылган.

Кытайда уялчаак жигит интернетти түп-тамырынан бери жоготууга аракет кылган

29-08-2016, 14:45
Шаньдун провинциясынын полициясы кытайлык жигиттин интернетти жок кылуу максаты ишке ашпай калгандыгын билдирди. Бул маалыматты РИА Новости Kotaku басылмасына шилтеме берип жазып чыкты Полициянын айтымында, ал жергиликтүү провайдердин жабдууларын иштен чыгарууга аракет кылган. Кытайлык жаран өлкөнүн ири аянттарынын биринде массалык бийге катышып, анысы ааламга тарап кетпесин деген максатта интернетке "кол салган". Аталган басылма Кытайда мындай бийдин адатта жашы өтүп калган аялдар бийлээрин жазган. Уялчаак жигиттин азабынан интернет менен камсыз кылган жабдуулар зыянга учурап, аны эсептей келгенде 15 миң долларга чукул каражатты чапчыган.

{sape_links}
Наши партнёры

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....
Интересное>> Все статьи

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка

Исследование: все меньше пекинцев хотят завести второго ребенка
Несмотря на новую политику, позволяющую всем китайским семьям завести второго ребенка, недавнее исследование показало, что все меньше пекинцев желают воспользоваться этой возможностью....

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук

В университете "Цинхуа" вручены первые дипломы заслуженных профессоров гуманитарных наук
Первые дипломы были вручены 18 преподавателям 8 гуманитарных факультетов, средний возраст заслуженных профессоров -- 68 лет....

Логин
Пароль
Запомнить